"Кумтөр" алтын кениндеги коррупциялык иштерди ачыктаган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Кыргызстандын экс-президенттери да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы иш сапарында билдирди. 

"Кумтөргө" байланышкан коррупциялык иштерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлердин, спикерлердин, депутаттардын жана  мамлекеттик чоң кызматта иштегендердин аты аталган. Бул ишке байланыштуу мурдагы президенттерди да керек болсо жоопко тартабыз. Анткени, алардын да түздөн түз тиешеси бар", - деди Ташиев.