- Осунбек агай, мурунку премьер-министрлердин, депутаттардын биринин артынан бири камакка алынып жатышы Кыргызстанга зыян алып келген келишимдерди жокко чыгаруу аракети эмеспи?
- Канадалык жарандар 1992-жылы Кыргызстанга келип, "Кумтөр" компаниясын түзүүдө кыргыз тарап 70 пайыз үлүш, Канада тарап 30 пайыз үлүш менен "Кумтөр" кенин күрөөгө коюп, чет мамлекеттик банктан кредит акча алып иштетишкен. Акыры 2003-2009- 2017-жылдардагы кылмыштуу келишимдердин негизинде кыргыз тарап паракор, ууру чиновниктердин айынан тиешелүү пайдадан куру жалак калды. Анысы аз келгенсип, ал келишимдерди Жогорку Кеңеш, Өкмөт аркылуу макулдашып, Конституциялык сот менен бекитип коюшкан.
Мына ошол себептен, келишимдерге кол койгон же тиешеси бар жана мыйзамсыз байыган деп М.Абылгазиев, Ө.Бабанов, А.Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров шектүү катары кармалып, тергөө иштери башталды. Тергөө учурунда дагы чиновниктер кылмыш жообуна тартылса керек.
Менин оюмча бул иш чаранын аркасы менен, 2003-2009- 2017-жылдардагы "Кумтөр" боюнча келишимдерди жокко чыгаруу максаты турат. Эгер, "Кумтөр" алтын кени боюнча кыргыз тарап өз укугубузду кайтарып алсак өлкөбүзгө чоң пайда экенин жана татаал маселе экенин эске алуубуз зарыл. Мына ошондуктан, шектүү катары камакка алуу иш чараларын саясий өңүттө болуп жатат деп айтуудан алыс болсок, "Кумтөр" алтыныбыз өзү эле канадалык жеке команияныкы болуп калган жок да. Мисалы, Ө. Бабанов кармалганда, анын адвокаты, “ Ө. Бабанов, укугун мыйзам түрүндө коргоорун айтканын” маалымдады.
Эң негизгиси, кармалган адамдарга негиздүү далилдер коюлуп, тергөө иштери объективдүү болсо, ал эми соттук процесстер ачык түрдө өтсө, эл өзүнүн баасын берет.