- Өткөн жумада сизден маек алдык эле, андагы айткандарыңызга байланыштуу соцтармактарда сизге суроо көбөйдү. Ошондуктан дагы бир жолу маекке чакырууга туура келди. “Кумтөр” легендарлуу парламенттин таркашына себеп болгонун, Акаев 2 тонна алтынды чыгарып кеткен деп айттыңыз эле. 2 тонна абдан көп да, “Кумтөрдүн” башталышында ошончо болгондон кийин... Документтер жокпу, ушуну иликтөөгө алса болобу?
- Документтердин баары Жогорку Кеңеште. Биз атайын иликтеп, жаздан декабрга чейин депутаттык комиссия иштеген. Андан кийин анын негизинде Чыңгышев баштаган өкмөт отставкага кеткен. Иликтегенибиздин баарын брошюра кылып чыгарганбыз. Ал бар болуш керек, бирок бир ирет Азимбек Бекназаров: “мен берген сунуш жок”,- деп калды стенограммада. Аны алдырып салышкан окшойт да, бул деген чоң кылмыш негизи. Аны эмнеге жок кылышты, себеби биз ошондо Акаев чыгарып кеткен 2 тонна алтындын ар бир граммына чейин иликтеп, кимдер аркылуу чыгарылганын, башында ким турганын тактап, моюндарына койгонбуз. Акаевдин жеке кайтаруучусу бар эмес беле, Бошкоев деген, анын да катыштыгы бар, башында Акаев менен Бирнштейн турган, Нанаев ж.б.лар да кол кабыш кылышкан. Бул боюнча брошюра чыгарганбыз, бардык фактылар келтирилген. Алтынды алып барышып Швейцариядагы банкка салып коюшкан. Азыр ошол адамдардын баарын, Акаевди баш кылып сурап, жоопко тартуу керек!
- Прокуратуранын имараты өрттөнгөндө документтер жок кылынганбы?
- Мүмкүн кылмыш иштери жок кылынгандыр, бирок тастыктама бар да Жогорку Кеңеште, аны таптырыш керек. Стенограмма бар. Эгер таба албай жатышса, мен таап берейин брошюраны. Ошол жерде кимдин канчалык күнөөсү бардыгы так жазылган. Алтындын ар бир граммынан бери изилденген.
- Аны прокуратурага жибердиңиздер беле?
- Албетте. Бирок Башкы прокуратура ишти чоюп-чоюп, каралган эмес. Кийин 2005-жылдагы революциядан кийин Азимбек Бекназаров башпрокурорлукка келгенден кийин кылмыш ишин козгоп, айыптууларды таап, эми жоопко тартайын дегенде, аны кызматтан кетирип салышты. Бекназаровдун башкы прокурорлуктан кетишинин себеби мына ушунда болчу!
- Бирок ошону менен эле “Кумтөргө” байланыштуу жең ичинен жасалган иштер токтоп калган жок да?..
- Албетте, токтогон жок. Бирок изилдеп отурсаң Акаевдин күнөөсү чоң мында. Анын заманында эмне гана болгон жок, мал чарбачылы талкаланды. Кыргызстанда ал бийликке келген кезде 13 миллион кой бар болчу, ошонун баарынын түбүнө жетишпедиби. Талды-Булак, Жерүй, Эркештам сыяктуу алтын кендери да Акаевдин убагында кытайларга берилген. Анан алар жер, топурактан бери ташып кетишпедиби. Кыргызстанда 2400 алтын кени бар экен, анын көбүн Акаев таратты.
- Мен билгенден сиз 1996-жылдары адам укуктары боюнча комитетти жетектегенсиз. Ошол маалда укуктары бузулган жарандардын сот процесстерине катышып жүрдүңүз. Мисалы, Топчубек Тургуналиев куугунтукка кабылып, камакка алынганда аны колдоп жаттыңыз. Бирок кийин өзүңүз беш жылдай Кыргызстандан сырт жашап, качууга аргасыз болдуңуз. Ошолор тууралуу айтып берсеңиз?
- Мен качкын деген макамды эч качан алган эмесмин. “Кыргызстаныма кайтам”- деген үмүт чоң болчу. 1996-жылы адам укуктары боюнча комитетти ойлорубуз, тилектерибиз окшош адамдар менен чогуу түптөдүк. Анан активдүү иштей баштадык. Ал убакта деле укук коргоо жаатындагы кыймылдар бар болчу, бирок натыйжалуу иштегендер аз эле. 1997-жылы Топчубек Тургуналиевди камап коюшту. Мен коргоочу болуп бардым, шаардык сотто каралып жаткан. Судьяга “Конституцияны сактаңыз”,- деп айтып, беренени көрсөттүм, ал болсо Конституцияны ыргытып жиберди. Анан сыртка чыгып кеткен, көрсө ары жакка барып президенттик администрацияга телефон чалып: “Дырылдаев мени иштетпей жатат”,- деп даттаныптыр. Кубанычбек Жумалиев президенттик администрациянын жетекчиси эле, ал укук жаатындагыларды чогултуп, мени жолдон жоготуу тапшырмасын берет. Ошону менен куугунтук башталды. Үстүмдөн иш козгошту, бирок тергөөчүлөр эч нерсе табышпайт. Эки ай кармашып, мөөнөтү бүттү кылып кыскартып салышкан. Өйдө жактагылар буга нааразы болушуп, кайрадан ишти ачтырышат, айтор бул көпкө уланды. Тургуналиевдин сот процессине эл аралык уюмдарды да чакырып жаттым, “баары билишсин Кыргызстанда акыйкаттуулук кандай коркунучта калганын”,- дедим. Сот аны 16 жылга кести эле, эл аралык уюмдар киришип жатып 4 жылга кыскартышты. Ошентип, Баткенге сүргүнгө айдашты. А мага болгон куугунтук улана берди. Акаевдин кошоматчылары: “бийликти күч менен алганга аракет кылып жатат”- деген да доомат тагышты. 1998-жылы Кыргызстан биринчи жолу БУУнун кыйноолорду алдын алуу комитетине доклад жасады. А мен ага биздеги жагдайды ачык көрсөтүп, отчет жаздым. Бийликтен өкүл катары Ч.Баекова (Ал кездеги Конституциялык соттун төрайымы), Турсунбай Бакир уулу (президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын жетекчиси), А.Шаршеналиев (башпрокурор) барышты. Ушундай эле доклад 2000-жылы да болуп, ошондо менин отчетумдан улам Кыргызстан дүйнө тарабынан биринчи жолу тоталитардык өлкө катары кабыл алынган. Бийликтен өкүл катары баргандар Акаевге мени жамандап келишет да, ошону менен мени каралоо активдүү улантылып, камакка алынаарыма аз калды...
- Сизди камакка алуу аракети башталганда Кыргызстанда белеңиз?
- Чет өлкөдө болчумун. Адам укуктары маселеси боюнча иш жасап жүргөм. Кайтып кела жатканымда, Анкарадан учайын деп жатканда бул жактагы офисте иштеген кызматкерлеримден кабар барып калдым. Офиске опечатка басышып, кайтарууга алышкан экен. “Келбе, камашат”, - дешти. Анан ойлондум, чын эле барганымда камакка алышат, андан көрө бул жакта калып көп иштерди бүткөрө берейин деп. Кайра Венага учуп кеттим.
- Ошону менен Аксы окуясынан кийин келдиңиз да?..
- Ооба, келип Бекназаровго, Тургуналиевге жолуктум. Эртеси Үзөңгү-Кууш маселеси каралмак экен, ага каршы митинг уюштурушуптур. Мен да чыктым. Ошол жерден милиция кармап кетти. Мени өзүнчө кабинетке киргизип салышты. ОБСЕнин директору угуп учуп келиптир, мен кайра Венага барганда ал кишиге акыбалымды түшүндүрүп бергенден кийин маалымат жыйынын өткөрүп, Акаевдин акыйкатсыз бийлигин дүйнөгө маалымдаганбыз да. Мени чыгарабыз деп Американын, Германиянын элчилери келишиптир. Мен болсо, баарын бошоткула деген талап коюп чыкпай отуруп алдым. “Эртең бошотобуз”, - деп жатып эптеп мени чыгарышты.
- Бирок андан кийин да Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдуңуз...
- Ооба, ошол эле жылы күзүндө кайра кеттим. Бектур Асанов бир кишини ээрчитип келди, ал айтты: “Мага сизди өлтүр деген тапшырма беришти”, - деп. Анан кеткенге мажбур болдум. Арадан беш жыл өткөндөн кийин, 2005-жылдагы революциядан соң гана мекениме биротоло кайттым.
- Азыркы бийликке кандай сыпаттама берет элеңиз?
- Баары жакшы болот, экономикабыз өнүгөт, мамлекетибиз алдыга жылат деп жакшы ниет кылалы. Андай болбой коюшу мүмкүн эмес, анткени Садыр Жапаров өзү запкы жеген адам. Акыйкаттык үчүн түрмөдө отуруп чыкты. Мурдагы президенттер түрмөнү көргөн эмес болчу. Адам укугу сакталат деп жатат, мына, “Кумтөр” маселесин козгоду. Ошондуктан, жакшы иштерин жакшы деп, колдоого алалы.
Маектешкен Каныбек Темиров, Булак: “Майдан. kg” гезити