"Чыгаша малга ээси баш" - деген накыл сөз бар, калетсиз чындык... Ошол сымак "Кумтөр" алтын кенинин үстүндөгү мөңгүлөрдүн талкаланышынын башында өзүбүз турганбыз, өзүбүздүн президент, премьер, спикер, министир, депутат, прокурор, эксперт-адис дегендер ал жердеги ар бир кыймылды мыйзамдаштырып, кай бир мыйзам бузууларга көз жумуп, көрсө дагы көрмөксөн, билсе дагы билмексен болуп келишкен. Ошондуктан, көптөгөн мурдагы жана учурдагы аткаминерлер айлана-чөйрөгө зыян келтирүү кылмышына со-катышуучу болушат, бул талашсыз маселе. Мурдагы "Кумтөр Оперейтинг Компанини", азыркы "Центерраны" эл аралык соттордо жеңүүнүн зарыл шарты - ошол өзүбүздүн катыштык бар экендигин моюнга алуу, күнөөлүүлөрдү жазалоо, калпыс жана туура эмес кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу болот. Бүгүнкү суракка чакырууларды, камакка алууларды мына ушул багыттагы аракет деп түшүнсө болот. Бирок бул иштер калыс, адилеттүү, толук бойдон мыйзамдуу болушу абзел. Күнөөсү барлардын жоопкерчилиги дагы бирдей болсун, тиешеси барлар толук камалсын, коюлган айыптар, келтирилген далилдер так, тергөө жана сот процесстери ачык болсун. Эгерде "ала койду бөлө кырккандай" иш болуп, кай бирлерине карата "бармак басты, көз кысты" болуп кетсе аягы жакшылыкка алып барбайт..." - деди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.