- Асылбаш айылындагы  ага- инилериме кайрылам. Имиш имиштерге караганда камалып, суракка алынып жаткандар тымызын айылындагы жигиттерди чогултуп, дүрбөтүп митингге үндөп жатышкан имиш!  А силер айылдаштарым,  чыкпагыла!  Алдын ала кайрылып жатканымдын себеби, 2010-жылы Сариев аянтта жүрөт дешип, биздин айылдын жигиттери делдеңдеп аянтка жетип барышкан!  Эми  Сариев да "Кумтөр"  боюнчабы же башка иштери боюнча суракка чакырылып, камалып калса,  боштондук деп чыга калбагыла!  Сариевдин оозун карап отур десе отуруп, тур десе турган айрым менин тааныш, дос, жоролорум элдин тынчын албай, айылыбызды жайына койгула!  Ага коюлган айыптоолор жалган болсо,  өзү эле акталып чыгат. Азыр көптүн бири катары суралып гана  жатат. Ошон үчүн дүрбөбөй тургула.   (Сариев биздин коңшу боордош айылдын кулуну. Төш - Булак айылынан)

Төш - Булак айылынын да тургундарына да, тынч эле оокатыңарды кылгыла  деп айтаар элем.  Сариевди коргоп алгыдай, ал силердин казаныңарга аш салып берип жаткан жери жок!  Ушу биздин боордош боло калган сапатыбыз эч эле жакпайт да!  Бир тууганыбыз болсо да, жок эле дегенде унчукпай калыс карап отурушубуз керек!  Болбосо, жеп ичкендерди ачыктоо демилгеси ишке ашпайт! 

Феликс Куловдун дагы айылдаштары намысыңарды миң сомго сатып жибербесеңер!  Кыйратып Кыргызстанды гүлдөтүп жиберген уулуңар болсо го мейли эле!  Жегендер жооп берсин, эл болсо арачы болбой жөн отурсун!  Байга байкуштун боору ооруптур болбосоңор!  Шөлп, шөлп эттирип көлөч сүйрөп,  тыңыраак оокатка жетпей жүрүп, 2000$ батинке кийген БЕТ ТЫРМООЧ, анткорлорго арачы болбой эле койсоңор жакшы болот эле...

Шүк отурсаңар, акырындык менен... КООМ ТАЗАРАТ, БИЙЛИК ТАЗАРАТ!  Эл, өздөрү эле талап кылып келген теңчилик менен адилеттүүлүк орнойт! Мамлекетти кыянаттык менен тоноп, жеп ичүү жоголот!

Бактыгүл Иманбек кызы