- Мамат агай, Акаев менен Кулов 300 танк, самолёт жана  курал-жарактарды  сатып байыган деген элеңиз. Алар кандай жол менен сатылып кеткен? 

- Мен губернатор болуп турганда Балыкчыда 300 танк бар болчу. Ошонун 100дөн ашыгын Баткенге алып барып коюуну сүйлөшкөм.  Ал турсун аны алып кетүүгө да даярдык көрүлгөн. Бирок ошол учурда Кулов даяр турган 300 танкты, снаряддары менен  сатып жибериптир. Бул иш Акаевдин макулдугу менен болгон. Алар аны курал-жарак катары эмес, темир катары "оформить" этип сатышкан. Бирок чындыгында танк катары эле сатылган. Ал акчалар алардын чөнтөгүнө түшкөн. Мындан тышкары канча жакшы самолет, вертолетторду, куралдарды сатышты. Тажикстанга да сатышкан!  Бизди мына ушундай абалга алып келгендердин башы ушунда турат. Анын баары иликтениши керек!