- Калдарбек агай, Баткендеги согуштан улам, чек арага жакын жайгашкан аймактарга чек арачы деген статус берип, кошумча курал-жарак бериш керек. Ошондо чек араны да эл өзүн да коргойт деген сунуштар айтыла баштады. Бул сунуш орундуу элеби?
- Бул маселе бир аз кечигип калса да, талылуу маселелерден. Ооба, чек ара чөлкөмдөрүнө атайын статус берилип, чек арачыларга катталган элдик кошуундарга курал-жарак берүү менен экинчи тараптын демин суутса болот. Эми колунда куралы турса, жөн эле ким кирип келсин... Жан деген таттуу го эгерде жөнөкөй ойлосок... Бирок, ошол эле мезгилде чек араны кесипкөй чек арачылар гана коргошу керек. Жөнөкөй жарандар аны кантип коргосун. Чек араны коргоо базардагыдай жумуш эмес го акыры деген сөздөр оор мезгилде айтылып кетти да... Чынында "чымчыкты сойсо да касапчы сойсун" дегенди унутпасак жакшы болмок.
- Айтмакчы, былтыр чек арадагы чырда үйү өрттөлгөн «бул жер Кыргызстандыкы эмес, Тажикстандыкы» деген кагазга кол койбой, Жеңиш Раззаковдун айтканына көнбөй койгон Эсенбай Мажитовго Тажикстандын оор беренелери менен кылмыш иши козголуптур. Эми Кыргыз мамлекети Тажикстанга экстрадициялатпай арачы түшүшү керекпи?
- Агын-көгүн билбегенден кийин бир нерсе деп айтуу өтө кыйын. Бирок, Жеңиш Раззаковдун артынан не деген гана сөздөр ээрчип жүрөт. Же расмий четке кагып, ак сөзүн айталбайт. Демек, "жел болбосо чөп ары-бери кыймылдабайт" деген сөз туурадай сезилет.