- "Кумтөр" боюнча чечкиндүү кадамдардын башталганы, эл ичинде үмүт-ишенимди пайда кылды. Элдин колдоосу чоң күч! Убактылуу сырттан башкаруу менен чектелбей И.Кадырбеков айтып жаткандай УЛУТТАШТЫРУУ жолун тандап, мурдагы ЖКнын, Конституциялык Соттун чечимдерин жокко чыгарып, керектүү мыйзамдарды кабыл алып, алдыга тез тез жылганыбыз оң. Артка жол жок! Биздин көптөгөн артыкчылыктарыбыз бар. Алсак, Конституция боюнча жер-суу, кен байлыктардын бирден бир ээси эл экендиги, экинчи тараптын күнөсү менен одоно бузулган экологиялык талаптар, техникалык коопсуздук эрежелердин так сакталбагандыгынан курман болгондордун катталгандыгы ж.б.
Башкарууну колго алган соң, мурдатан адатка айланган жасалма банкротко алып барып, кожоюндарды алмаштыруу максатын гана көздөп жатышкан болсо, туура эмес кадам болуп калат. Макмалды иштетип жаткан Кыргызстан эмне үчүн Кумтөрдү иштете албайт!Адистер, тажрыйба жетиштүү. Капитал маселеси курч турса, баалуу кагаздарды чыгарып, Кыргызстандын эли акционер боло ала тургандай укуктук шарт түзүү зарыл. Азыр ЮАРда алтын иштеткен, Якутияда алмаз иштеткен миллардер кыргыз жигиттер чыга баштады. Ошолор каражатын салсын, ар бир карапайым кыргыз шартка жараша каражатын салсын. Ошондо киреше өзүбүздө калат, жашоо-турмуш онолот. Макул сырткы капиталга да 30 пайыздан ашпаган мүмкүнчүлүк берилип, жаңы технология менен жабдылып, керектүү гана инженердик адистер чакырылсын. Жалпы эл колдогон жана ишмердүүлүгүнө катышкан долбоор эч качан банкрот болбойт.
Демек, УЛУТТАШТЫРУУ аркылуу ушундай кадамга баруу керек! Мезгил бизге иштеп жатат. Бул жолу эч кандай соодалашууга барбай, улуттук кызыкчылыктан тайбай, бийлик менен эл биримдикте бекем тура алсак, соттошуудан коркпой Улутташтырууга бара алсак, сөзсүз жеңиш биз тарапта болот!