- Рамазан Олокеевич, сиз легендарлуу парламенттин депутаты болгонсуз. Легендарлуу парламент алтын чырынын айынан таркатылган деп айтылып жүрөт. Ошол убакта алтын маселеси боюнча 9 депутаттан турган комиссия түзүүнү сиз сунуштаган экенсиз. Кандайча алтын темасы легендарлуу парламенттин таркашына себеп болгонун айтып бериңизчи?
- Мен СССР убагында Горбачев түзгөн коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык башкармалыкта иштечүмүн. Мындай башкармалык СССРдин курамындагы бардык өлкөлөрдө ачылган. Кыргызстанда ачылышына мен өбөлгө болгом. Ал башкармалыкты жетектеп, коррупциялык көп иштердин бетин ачып иштеп баштадык. Ошол убакта мага маалымат түштү: "Акаев алтынды акырын уурдап, чет өлкөгө ташып жатат", - деген. Коррупцияга каршы күрөшсөң, душмандарың да көбөйөт экен да, мени Акаевге жамандагандар көп эле. Ошол эле Баекова, Суталинов ж.б. Андан кийин Акаев ал башкармалыкты жок кылды. Анда легендарлуу парламент иштеп жаткан, бир орун бошоп калып, 15 талапкердин арасынан мен шайланып келдим. Анан мендеги маалыматтарга таянып, эл арасында жүргөн кеп-сөздөрдү иликтеп, депутаттарга сунуштадым алтын боюнча комиссия түзүп, иликтөөгө алууну. Ал убакта спикер Шеримкулов болчу, артында Акаев отурган да, менин демилгеме жооп бере албай, Акаевден коркуп тайсалдады. 40 мүнөт турдум трибунада. Отурган депутаттар мени колдоп полду тепкилешип жибергенден кийин айла жок макул болду. Ошентип, 240 депутаттын колдоосу менен сунушум өттү. Комиссияга 9 адам кирмей болду, өзүмдү кошкондо бешөөн мен сунуштадым, арасында Усубалиев, Шергазы Мамбетов, Молдогазиев бар, Шеримкулов Идиновду кошту, калган депутаттарды башкалар сунуштады. Активдүү иштедик. Идинов экөөбүз Россиянын Жогорку советинин төрагасына да барып жолуктук. Анткени, Турдакун Усубалиев аркылуу Кыргызстандан союздук фондко 16 тонна алтын кеткенен кабардар болгонбуз. Ал киши бизди кабыл алып, алтынды кайтарып берүүнү да убадалаган болчу.
Апрель айында Акаев уурдап кеткен 2 тонна алтынды аныктадык. Ал Швейцария банкына каттырып койгон экен. Ошол айда эле парламент жыйынына киргизели десек, Акаев Шеримкулов экөө жанталашып, эптеп эле жыйынды болтурбоо аракетин көрүп жатышты. Анын айынан араң гана декабрга барып жыйында кароого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул 1993-жыл болчу. Биз депутаттарга брошюра таратып, маселени жеткирдик. Бир жума аябай катуу сессия болду. Премьер-министр Чыңгышев болчу, Кумтөр боюнча болжолдуу келишимге ошол кол койгон. Ызы-чуу болуп жатып Чыңгышев орун басарлары менен кызматтан кетти. Депутаттар арасында бөлүнүп-жарылуу болду, көлдүк депутаттар Чынгышевди колдоп, трайбализм ошодон башталды. Бирок көпчүлүк депутаттар бизди колдоду, 2 тонна алтынды кайра кайтара турган болдук. Бирок биз кайтардык деп ойлогонубуз менен алтын кайра эле киши колдуу болуп кетиптир. А биз болсо 2 тонна алтындын тагдырын чечтик деп ойлогонбуз.
Кийинки, 1994-жылы апрель айында "Кумтөр" маселесин карайбыз деп жатканбыз. Биз киреше эмес, алтын бөлүнсүн, кыргыз элинин энчисине алтын тийсин деген талапты койгонбуз. Жумагулов премьер-министрликке дайындалган болчу. Биз дайыма "Кумтөр" боюнча түзүлүп жаткан келишимдерди жарабай турганын айтып, токтотууга үндөп жаттык. Бирок Жумагулов Акаевдин айтканынан чыга албады. Апрелде карайбыз деп турганда, шылтоо таап Акаев легендарлуу парламентти таратып тынды.