- Сонунбүбү эже, “Центерра Голд” компаниясы Кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бериптир. Эми жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?
- “Центерра Голд” компаниясы алгач өзү эл аралык келишимди бузуп, ошол жерге жазылган бир нече пунктту одоно түрдө бурмалаганы ачыкка чыкты го. Эми кайсы бети менен сотко берип жатат. Алар бет тырмалык кылып, бизди эл аралык сотко беришкени менен сот алар каалагандай эмес, биз болжогондой чечим чыгарып коюшу ыктымал да.
Анткени, “уурунун арты кууш”. Булар азыр калп эле кыйын болумуш болуп, биздин элди эч нерсеге мээси жетпеген караңгы эл катары көрүп жатышканы менен маселе алар каалагандай эмес, биз каалагандай чечилип калышы ыктымал. Анткени, биз алар ойлогондой караңгы эмеспиз. Укугубузду коргой алабыз. Буюрса, табийгатка жасаган кыянатчылыгын жөн койбойбуз. Экологияга келтирген чыгымын ордуна койдурабыз.
- Бирок, айрымдар мурунку бийликтегилер “Канаданын гана соту карайт”- дегенге макул болуп, тиешелүү документтерге кол коюп койгон. Ошон үчүн алар утуп алышы толук мүмкүн деп жатышат го?
- Ким эмне дебесин духту түшүрбөш керек. Бул маселенин ачыкка чыгып, иликтенишинин өзү чоң жетишкендик. Үмүтүбүздү өчүрбөй туралы. Кол коюлуп, печать басылып калган күндө да аларда мыйзам чын эле так иштесе, шылуундар утуп кетпей турган система жок болсо, биздин мышыгыбызды “пыш” дей алышпайт. Алар экологияга келтирген зыянды эмес, келишимди карайт деп маанайыбызды түшүрбөшүбүз керек. Кыргыздар ута турган эле жердебиз. Буюрса, утабыз. Экологияга келтирген чыгымдарын төлөтүп, мындан ары алар каалагандай эмес, биз каалагандай абалга жеткиребиз.
- Негизи Центерра Голд” компаниясы бул аракети менен кыргыз өкмөтүн келишимге келтирүүгө аракет кылып жатат. Алар мынча алтынды таштап чыгып кете албайт дешет. Бул пикирге ынансак болобу?
- Албетте, ынансак болот. Анткени, алар эл аралык сотко бердик. Канаданын соту карайт дешип, кыргыз өкмөтүнө жөн эле сүр көрсөтүп, өкмөттү мурунку өкмөттөрдөй кылып, өз пайдасына чечилчү келишимге алып келүүгө жан далбастап жатышат. Ошон үчүн “намёк” берип, сүйлөшүүгө да макулдугун билдиришүүдө.
- Айрым билермандар: “Азыр акча баарын чечип калган заман. Бийлик алардын ыгына көнбөсө, бийликке каршы тарапты каржылап, “Центерра” бийликтин алмашышына шарт түзүп коюшу мүмкүн”,- деп жатат го?
- “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман”- деп, кеменгер кыргыз бекер айткан эмес экен. Эми андай акчага энесин да сатып жиберчүлөр бизде жетиштүү эмеспи. Мүмкүн алар сотко караганда ошондой бузукуларга, бийлик көзүнөн учкандарга көбүрөөк ишенип турушса керек.
Ошондуктан, “Центерранын” андай жаман тилегин таш каптырып, эл мурдагыдан да биримдикте болуп, кылт эткен нерсени жаза өткөрбөй, сак болушу керек. Антпесек ичти иритип, ыркты кетирген арамзалар активдүү боло баштайт. Чынында азыркы бийликтегидей эч ким мындай орчундуу маселени чечүүгө батынган эмес. Тобокелчиликке салышса да, Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору коюп, “Центеррага” тиш кайрап жатышат. Ошон үчүн азыркы бийликти сындап, каралагандан мурун кош колдоп колдошубуз керек. Ар кандай бузуку сөздөрдү сүйлөбөй бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу болуп, улуттук, мамлекеттик кызыкчылыгыбызды жогору коюп, дүйнө жүзүнө ынтымактуу, биримдиктүү экенибизди дагы бир жолу далилдешибиз керек.
- Кечээ парламенттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Сапар Исаковдун келишимин чыккынчылык келишим катары баалап, “Кыргыз өкмөтү экологиялык доодон баш тартат, кокус сот болсо, “Центерранын” таламын талашат деген келишим түзүптүр” деди. “Кумтөрдөгү” коррупция менен күрөшүүдө ага окшогон келишимдер да эске алынышы керекпи?
- Албетте, эске алынышы керек. Кыскасы, Кыргызстандын кызыкчылыгын жокко чыгарган бир ууч саясатчылар “Центерранын” кызыкчылыгын жогору коюп, экологияга зыян келтирүүгө шарт түзүп беришкени үчүн жоопко тартылышы керек. Ошондой эле “Кумтөрдөгү” коррупция менен күрөшүүдө тиешеси бар адамдардын эч бири жоопкерчиликтен кутулуп кетпей турган кылышыбыз зарыл. Анткени, мамлекетке чыккынчылык кылгандарды келтирген зыяндарынын азабын эселеп тарттыра турган мезгил келди. Ошондуктан, “жоо жакадан алса, ит этектен” алат болуп, бийликти сындап упай топтойм дегендер акылына келип, бул маселеде биримдиктүү болуп, Кыргызстандын табийгатын талкалагандарга каршы турушубуз керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити