- Коопсуздугу коркунучка кабылган облустун мурдагы жетекчиси жана окуянын чордонунда жүргөн адам катары айтсаңыз, кол салуу коңшулар тараптан алдын ала пландалганбы? Сиздер кандай талдадыңыздар мындай аракетти?
- Куралдуу кол салуу алдын ала пландалганы ачык билинип калды. Анткени, чыр "Головнойдун" тегерегинде чыкты дейли, бирок эч кандай маселе жаралбаган, тынч жаткан Лейлек району менен чектешкен чек араны да басып киришти. Мындан улам, баары алдын ала пландалганын билүүгө болот. Деги эле Баткен, Лейлек райондоруна караштуу бардык чек ара тилкелеринен киришти. Ортолорунда канча бир убакыт аралыгы болуп жатты, бирок баарында куралдуу кол салуу жасашты. Биз бул окуяга чейин тажик тарап "Головнойго" видеокамера орноткону үчүн Согди облусунун жетекчилиги менен жолугушуп, сүйлөшкөнбүз. Эки тарап нейтралдуу жерден жолугушуп, маселени тынчтык жолу менен чечүүнү макулдашканбыз. Тажик тарап видеокамераларды алууга, чек арага жакын жердеги окопторду жабууга убада беришкен. Бул эки тараптуу комиссиянын ишинин жыйынтыгы болду. Биз тараптан Баткен, Лейлек районунун акимдери, УКМКнын, Чек ара кызматынын, ИИБдин, прокуратуранын өкүлдөрү катышты. Тажик тараптан да ушундай эле кызматтагылар Согди облусунун губернатору менен чогуу келишти. Ал күнү түнү чек ара аймагындагы абалга тыкыр көзөмөл кылдык. Бирок Исфара районунун акими видеокамераны алуудан баш тартты. Мен Тажикстандын жогорку палатасынын төрагасынын орун басарына телефон чалдым, бирок ал кишинин да айтканын аким уккан жок. Согди облусунун губернаторуна, башка жооптуу кызматтагыларга чыктым. Эч кимисинин тили бир райондун акимине өткөн жок. Ошондо эле, биз, тажрыйбалуу аткаминерлер мунун артында кандайдыр бир сыр жатканын боолголодук. Жогорку даражалуулардын сөзүн аким укпай койгондон соң демек, алардан да жогорку даражалуулардан буйрук алган болот да. Кырдаал курчуй турганын түшүндүк.
- Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Чек арадагы жаңжал маал-маалы менен болуп келгени баарыбызга белгилүү, бирок мынчалык өңүткө бурулган эмес. 2014-жылдын 11-январында да ошол эле "Головнойдун" тегерегинде чыр болуп, минометтер колдонулуп, аскердик кагылышуу жаралган. Бирок мынчалык эмес эле. Андан кийин эки тарап биргелешкен чечим кабыл алып, "Головнойду" чогуу кайтарууга алган. Мен губернаторлук кызматта эки жарым ай болдум, ага чейин 23 жыл мурда УКМКнын Ош облусу боюнча башчысы болуп иштегем. Ал убакта Баткен облусу жок болгондуктан, чек арага байланыштуу маселелер биз аркылуу өтчү, ошондуктан акыбалды жакшы билем. Губернатор болуп барганымдан кийин бул жылдар аралыгында эч нерсе өзгөрбөгөнүн көрдүм. Өзгөргөн болсо да жаман жагына. Анткени, илгери эки эл бир топ ынтымактуу болчу, союздун таасиринен чыга элек эле, эки тараптын ынтымакка чакырган аксакалдары боло турган. А азыр жаштардын бир топ каны суюк.
Акыркы бир жыл ичинде пандемиядан улам эки элдин карым-катышы токтогон. Өткөрүү пунктары жабык, анын аркасынан эки элдин соода байланышы да жок. Губернатор болуп барганымдан кийин деле шарт-абалга байланыштуу өткөрүү пунктарын ачпадык. Дагы бир аз убакыт керек эле. Андан кийин контрабандага күрөш күчөдү, мындан улам контрабандалык топтордун нааразычылыгы пайда болду, алар кырдаалга таасир тийгизишти. ГСМ, курулуш материалдарын өткөрүү токтотулду. Анан дагы наркотоптордун агымы тыйылды. Бул да өзүнчө себеп болду. Мына ушулардын баары чыңалууну жаратты.
- Ошол убакта биринчи кандай кадамдарга бардыңыздар?
- Дароо президентке чалдым: "Акыбал өзгөрө баштады", - дедим. Ал киши биз менен үзгүлтүксүз байланышып, кырдаал тууралуу билип жатты. Андан кийин Камчыбек Ташиевге, Улукбек Мариповго байланыштым. Биз тажик тарап менен дагы байланышып, эртеси түшкө жакын жолугушуп, маселени чечүүнү убадалаштык. Бирок ага жеткирбей таң эрте тажик тарап төрт жолдун кесилишкен жерин тосуп, таш атууларын улантты. Аны менен кошо ок атуучу куралдарды пайдаланышаары белгилүү болду. Ошондуктан, шашылыш акыбал кооптуу болуп турган айылдардын тургундарын тынч аймактарга чыгара баштадык. Бизди көрүп тажиктер да элин башка аймакка чыгарышты. Андан кийин баары башталды, тажик жарандары, аскерлери эч кимди угушпады, бастырып киришти. Мындан улам кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу облустук штаб түзүү боюнча буйрук чыгардым. Облустук штаб облуста түзүлгөн өзгөчө кырдаалда күчөтүлгөн тартипте иштеп, ыкчам аракеттерди көрдүк.
- Сиздин облус жетекчиси катары аракетсиздигиңиз чек арадагы трагедияга алып келди дегендер да жок эмес. Облус жетекчиси катары чек арадагы ар кандай чырлардын алдын алуу максатында кыска убакытта болсо да, кандай иш аракеттерди жасадыңыз?
- Менин ар бир кылган иш аракетим, эгемен Кыргызстанымдын жаркын келечеги, кыргыз элимдин бакубат жашоосуна багытталган. 40 жылдык тажрыйбамда ар дайым биринчи кезекте коопсуздукту камсыздоону биринчи орунга коюп келем, анткени тынчтык, туруктуулук бар жерде өнүгүү болот.
2021-жылдын 15-февралында өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун сунушу менен чек арада жайгашкан Баткен облусуна жетекчи болуп бардым. Биринчи кезекте чек аралаш аймактагы элдердин кошуналык жакын мамилесин чыңдоо, карым - катнашты бекемдөөгө кириштим. Анткени көп убактан бери чек арада тынымсыз катталып жаткан чыр -чатактардан улам, аймактагы элдерде бири бирине болгон агрессивдүү маанай калыптанып бараткан экен. Бул өтө коркунучтуу. Анткени чек ара маселелери чечилген күндө да, кыргыз-тажик эли кылымдар бою кошуна болуп жашайт. Менин пикиримде, чек ара картада гана болушу керек, жашообузда кошуна элдер, ынтымакта жашап, бакубат турмуш кечирүүгө татыктуу.
Ошондуктан, мен президентибиздин тапшырмасынын негизинде, кызматка дайындалганымдан баштап, бир айга жетпеген убакта, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчылары менен жолугуп, облустар аралык кызматташуу боюнча протоколдорго кол коюуга жетиштик.
- Эки өлкө ортосунда кандай макулдашуулар болгонун да айта кетсеңиз?
- 17-18-мартта КРнын УКМКнын төрагасы К.Ташиев баштаган Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиясынын курамында Тажикстандын Гулистан шаарына бардым. Анда Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода экөөбүз кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол койгонбуз. Андан соң менин демилгем, сунушум менен 22-23-апрелде “Чек ара аймактарын интеграциялоо -өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы, Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана,Тажикстандын Согди облустарынын биргелешкен форуму Фергана шаарында өттү.
Форумда биз Баткен-Фергана, Согди облустарынын башчылары чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу,кошуна элдердин карым катнашын бекемдөө, облустар аралык ар тараптуу кызматташууларды жандантуу менен инвестициялык байланыштарды чыңдоону макулдашканбыз. Жолугушууга үч облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан. Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду.
Андан кийин, 28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан “Кызыл-Бел” жана “Гулистон” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын ортосундагы бейтарап (нейтралдуу) аймакта,(чатырда) Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен жолуктум. Биз ар бир чек аралаш райондо жумушчу топ түзүү, бир жума аралыгында аймактагы чек арага байланышкан көйгөйлөрдү иликтөөнү чечтик. Анын жыйынтыгы боюнча, эки облус жетекчиси 15 күн сайын жолугуп, чек арадагы маселелерди чечүү макулдаштык. Анда, "Головнойдогу" видеокамераларды алуу да макулдашылган болчу.
Жолугушуунун соңунда Баткен жана Исфара райондорунун акимдери “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын (головной)айланасындагы маселелерди жеринде чечүү үчүн, биздин, эки облус башчыларынын тапшырмасы менен аймакка барышкан. Алар менен кошо эки тараптан Облустук ИИБнын, облустук УКМКнын, мамлекеттик чек ара кызматынын облустук башкармалыгынын башчыларынан турган комиссия барган.
Бирок эки район башчылары бир пикирге келе алышкан эмес. Ага Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан электр мамычаларына тажик тараптан орнотулган видео камераларды алуу боюнча тапшырмасын Тажикстандын Исфара районунун акими Баховидин Баходирзода аткаруудан баш тартканы себеп болгон. Ал эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин да сунуш пикирлерине макул болбой, натыйжада пикир келишпестиктер жаралып,жарандардын таш ыргытуусуна жетип, чыр чатак орун алган. Ал күнү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кырдаал жонгө салынып, топтолгон эл тараган. Бирок, эртеси, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагынан, тажик тарандары Ош-Баткен-Исфана автожолунан өткөн кыргыз жарандарына мергенчилик куралынан ок чыгара башташты...
- Коомчулукта кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуу Өзбекстандын жана Казакстандын президенттеринин кийлигишүүсү менен токтогон деген маалыматтар айтылууда. Анын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Мындай божомолду саясат талдоочулар интернеттен окуган маалыматтарынан улам эле версия кылып чыгарып коюшту. А чындыгында президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен телефон аркылуу байланышып, кырдаалды тынчтандырууга аракет кылды. Ал башкы командачы катары ок атууларды 29-апрелдин саат 20.00үндө токтотуу буйругун берди. Мен президенттин тапшырмасы менен УКМКнын биринчи орун басары, ИИМдин биринчи орун басары менен биргеликте Тажикстандын УКМК башчысы, Согди облусунун губернатору менен жолугуштук. Биз ок атууларды токтотуу протоколуна кол койдук. Андан сырткары сүйлөшүүлөрдү тереңдетүү, аскер техникаларын чыгарып кетүү, иш тобун түзүп, кырдаалды көзөмөлгө алуу пунктары да каралды. Бирок протоколго кол коюлгандан кийин, кечки саат төрттөр чамасында Лейлектеги бир нече айылдагы турак-жайларды өрттөп салышты. Биз ал убакта элди чыгарып кеткен болчубуз.
- Чатактын чыгышына Камчыбек Ташиевдин "Головной" боюнча билдирүүсү себеп болду дегендер да бар, ошондой болушу мүмкүнбү?
- Суу сактагыч союз убагында курулган, Баткен районунун балансында эзелтеден бери турат, ал Баткен районунуку. Союз убагындагы эки өлкө суу сактагычты биргеликте пайдалануу боюнча келишимдер жокко чыгарылбаган. Ким канча убакыт, кайсы убакытта колдоноору белгиленген. Ошол бойдон эле келе жатканбыз. Бирок суу сактагыч Баткендики экенин унутпашыбыз керек. Билдирүүнүн айынан ушундай болду дегендер жаңылышат. Бул жөн гана риторика.
- Кайрадан куралдуу кол салууга кайрылсак, чыңалган кырдаалдан кантип жол таап, ок атууну токтотуп калдыңыздар?
- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге келип, экөөбүз төрт күн бою, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуунун үстүндө бирге иш алып бардык. Ошол маалда, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салуу боюнча Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода экөөбүз да тынымсыз сүйлөшүп жаттык.
29-апрелде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен, Тажикстандын Президенти Имомали Рахмондун буйругу менен, кыргыз-тажик чек арасында, нейтралдуу аймакта эки тарап жолугуп, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, кечки саат 20:00дөн тартып ок атышууну токтотуу боюнча билдирүүгө жана протоколго кол койдук. Кыргыз тараптан мен, тажик тараптан УКМКнын төрагасы С. Ятимов кол койдук.
Албетте, кыргыз-тажик чек арасындагы окуя адам өлүмү менен аяктаганы аябай өкүнүчтүү, бул жоготуулардын ордун эч нерсе толуктай албайт. Эки тарап бир пикирге келип, куралдуу жаңжалды токтотуп калганыбыз маанилүү болду. Биз жергиликтүү бийлик органдары, өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыздын чегинде, бизге жүктөлгөн милдеттерди аткардык. Болуп өткөн окуяларга тарых, өз баасын берет.
Булак: “Майдан. kg” гезити