- Качкын агай, “Центерра Голд” компаниясынын былыгын ачтык, экологияга келтирген эсепсиз зыянын ачыктадык дегенибиз менен алар бизден мурун эл аралык сотко берип, бизге сүр көрсөткөнгө аракет кыла башташты го. Алар менен кармашканыбыздын жыйынтыгы биз күткөндөй болбой калбайбы?
- Алар каалагандай эмес, биз каалагандай болуп чечилет, буюрса. “Центерра Голд” арбитраждык сотко бергени менен алар сотто кыргыз өкмөтүн жеңе албайт. Анткени, экологияга келтирген зыянынан башка бул жерде коррупция да бар. Коррупция эл аралык сотто чоң кылмыш катары эсептелет. Ошондуктан, күч органдары "Кумтөрдү" иштетүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын садага чаап, коррупцияга жол берген президенттерди, премьер-министрлерди, "Кыргызалтындын" жетекчилерин жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, алардын ырын ырдаган депутаттарды, саясатчылардын баарын камакка алса эле, баары ачыкка чыгат. Тагыраагы, эл аралык сот болгончо "Кумтөрдө" коррупция да орун алганын далилдеп, коррупциянын ана башчыларын камай салсак эле жеңиш биз тарапта болот.
- Мүмкүн сиз санагандардын баары эле коррупция менен шугулданбагандыр?
- Алар коррупция менен шугулданышкан үчүн Кыргыз мамлекети азыраак пайда көрдү да. "Кумтөрдөн" ири суммадагы каражат алганы үчүн директорлор кеңешинин үй -бүлөлөрү чет мамлекетте эс алышып жүрүштү да. Ошондой эле, "Кыргызалтындын" жетекчилигинин жардамы менен да көп каражаттар жокко чыгып кеткен. Ошон үчүн "Кыргызалтындын" бардык жетекчилерин жоопко тартып, директорлор кеңешинин мүчөлөрүн да суракка алыш керек.
- Айрымдар “Центерра” оңой эле жеңиле койбойт. Алар жок эле дегенде мамлекетке будуң-чаң салып, бийликтин айласын кетире турган жолдорду табышат. Ачыкка чыкпаган акционерлерди бийликке тукурушат деген кептерди айтышууда. Ынансак болобу?
-“Центерра” бийликти өз ыгына көндүрүш үчүн түрдүү амалдарды колдонот. Ошондой эле, Амангелди Муралиевге окшогондорду сатып алып, “Центерранын” ыгына көнгүлө, болбосо сотто утулуп, 3-4 миллиард доллар төлөмөр болобуз деген сөздөрдү айттырышат. Кыскасы, бийликке каршы болгон саясатчыларды дагы колдонот. Буга чейин "Кумтөр" керек болсо криминалдарга чейин сатып алышкан. Ошон үчүн бийлик катуу туруп, экологияга келтирген чыгымды калыбына келтирип беришин талап кылып, булардын башка амалдарына алданбашыбыз керек.
Айтмакчы Садыр Жапаров "Кумтөрдүн" былыгын чыгарганда аны көптөр жокко чыгарып, жалган маалыматтарды айтып жаткандай түр көрсөтүшкөн. Азыр ошолордун баарын жоопко тартып, “Центеррадан” акча алганы үчүн ошондой коомдук пикир жаратууга аргасыз болушканын ачыкка чыгарышыбыз керек. Анткени, алар элдин башын айлантып, мамлекеттин кызыкчылыгын акчага сатышкан.
- Баса, эмнегедир Сапар Исаков түзгөн келишим тууралуу да сөз болду. Ал түзгөн келишим эмнеге эми талкууга алына баштады?
- Сапар Исаковдун кол койгон келишимде экологияга 300 млн. доллар талап кылынып жатса, аны 50 млн долларга түшүргөн. Ошондой эле, Сапар Исаков пайдалуу келишим деп элди соороткону менен ал келишимди ачыкка чыгарышкан эмес. Тагыраагы, "экологияга доо койбойбуз, кокус маселе жаралса, Кыргыз өкмөтү силердин таламды талашат" деген ойду камтыган келишимге кол койгон. Мына “Центерра” азыр ошол келишимдерди жана Бакиевдин учурунда түзүлгөн макулдашууларды бетине кармап, биз аларга кыянатчылык кылып жаткандай кабылдап, экологияны талкалаганын эсепке албай, эмгектери күйүп кеткенсип эл аралык сотко кайрылганы кызык болуп жатат.