- Кыргыз-тажик чек арасы боюнча мамлекеттик комиссия башчылары кол койгон протоколго ылайык, Ворух анклавына жол берүү маселеси козголгон. Ушундан улам, коомчулукта сын-пикирлер арбыды. Маселени чечүүнүн мындан башка жолу жокпу?

- Чек араны албетте, чечип алыш керек. Чек араны чечүүдө баары эле биз каалагандай боло бербесин да эсибизге түйүп коюшубуз абзел. Мен Камчыбек Ташиевди да, Садыр Жапаровду да түшүнүп жатам. Буларга оңой эмес. Ошон үчүн Тажикстан да, Өзбекстан да макул болгон, бизге да жаккан  варианттарды таап, ошону ишке ашырышы керек. Бирок, чек араны чечмейинче карым-катнаш дагы, бири-бирине болгон мамиле дагы, элдин арасында болгон кагылышуулар дагы токтобойт. Ошон үчүн чек араны сөзсүз компромисс жолу менен чечиш керек. Кээде сен айткандай болбосо, кээ бир жерде алардын шартына көнүп, кээде карманыш керек дегендей. Ошондо гана бул маселе чечилет.

Бирок, “айланма жол курсак, уттуруп коёбуз” деп айтыш кыйын. Кээ бир жерден утабыз. Кээ бир жерден утулабыз. Кээ бир участоктордо азырынча таптакыр чечилбей турган варианттар чыгып калышы мүмкүн.  Ошондой болуп калса, эки тарап ошол жерди колдонуунун убактылуу  эрежелерин иштеп чыгып, ошону эки тарап тең кынтыксыз аткарыш керек. Жаңжалдарга, чырларга жем таштабаш керек. Кээде андай маселелер өзүнөн өз чечилип калат. Же чечүүнүн зарылчылыгы жок болуп калат. Карым-катнаштан ишеним пайда болуп калса, эки тарапка тең ыңгайлуу болсо, “сеники да эмес, меники да эмес, чогуу колдоно беребиз...”- деген варианттар жаралат. Ошондуктан мындай учурда бири утуп, бири утулуп калдык дебей, эки тарап тең бирдей шартта колдонуп, утушу керек.

Мисалы, Баткендеги Төрт-Көчө аймагында кыргыз да, тажик да өтө бере турган, ал жерге чек арачылар да турбай турган кылып, ким тополоң салса, эки тарап тең өз жарандарын жазалашы керек. Кыскасы, Төрт-Көчөнү нейтралдуу кылсак, маселе чечилет. Анткени, чырдын башы да ушул аймак болуп жатпайбы. “Меники, сеники”- деген талаштан улам, кыргыздар, тажиктер тосуп жатышат. Ошон үчүн чек араны “сеники же меники”- деп чечпеш керек. “Убактысынча сен да, мен да чогуу колдонобуз”- десек, азыр чиеленип чечилбечүдөй көрүнүп жаткан маселелер 30 жылдан кийин: “сен да, мен да эмнеге талаштык, баарыбыз эле өтүп, колдонуп жатпайбызбы”- деген жагдайда болуп калышы ыктымал.