- Жогорку Кеңеште кабыл алчу чечим өтө маанилүү экенин Центерра да сезген окшойт! Алар бүгүн Кыргыз Өкмөтүн Гаага шаарындагы эл аралык арбитраждык сотуна беришти...

Эми, даана артка жол жок калды!

Мурунку Өкмөттөрдү кызылдай сатып алып келген, эл аралык коррупция схемаларын бизге кеңири киргизип келген, экологияны жанчып келген Центерраны сөзсүз жеңишибиз абзел! Коркпой-үркпөй Кумтөргө тышкы башкаруучуну (внешний управляющий) киргизип, алардын финансы булактарын толугу менен бууп, банктардагы эсеп-чотторун катуу көзөмөлгө алыш керек!

Ошол эле маалда алтын өндүрүү бир да саатка да токтобошу зарыл! Бир да кыргыз жараны ал жерде жумушсуз калбашы керек! Бир грамм да алтын четке алып чыгарылбаш керек, бүт эл аралык милдеттер аткарылып, Кумтөрдө темирдей тартип жана буга чейинки технологиялык процесс так сакталышы маанилүү..

Центерранын арызында 2 маанилүү нерсе бар экен:

1. Алар дагы деле сүйлөшүүгө даяр!

2. Бүт инвестиция жана финансы активдерин алдырып жиберерин алар сезип атышат...

Эми, биз канчалык күчтүү жана эгемен мамлекет экенибизди турмуш өзү сынамай болду көрүнөт..

Бек бололу! Бирге бололу!