- Атамбаевдин бийлигинин тушунда сиз, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков адилетсиздиктин курмандыгы болуп, "бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен камалган болчусуздар. Жакында Жогорку сот үчөөңүздөрдү тең актады. Ушундай болушун күттүңүз беле?

- 4-майда Жогорку сот толук актады. Негизи, декабрда эле бизге тагылган айыптарды жокко чыгарып, ишти кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн. Иш эки айдан ашуун убакыт каралды, тергөө болду, баягы күбөлөрдүн баары кайрадан суралды. Жалпысынан, 20-25тей процесс өттү. Бир да далил табышпады. "Ак ийилет бирок сынбайт" деген туура да. Себеби, кылмыш болгон эмес, прокуратура өзү күнөө коюудан баш тартты. Акыры адилеттик орношу керек да. Мурдагы бийлик учурунда саясий куугунтукка кабылгандар четинен акталып жатышат. Бул жакшы жышаан.

 - Өлкөбүздө соңку жумада бир топ окуялар болуп кетти. Айрыкча, чек ара маселеси курчуду. Адам өмүрүн алган чоң апаат болду. Чек ара маселесин жакшы билесиз, Жалал-Абадда губернатор да болгонсуз. Бул болуп өткөн окуяларга кандай баа бересиз?

- Чек ара маселеси абдан татаал, өтө кылдат каралчу, көп убакытты талап кылган маселе. Жалал-Абадда губернатор болгондуктан, бул маселе мага жакшы тааныш. Жалал-Абадда 24 талаш аймак бар, экөө-үчөөсү оор талашта. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы акыбал да оор, себеби талаш катуу. Маселе буга чейин да чечилбей келген. Жыл сайын бир нече жолу чатак чыгып, айрым учурларда адам өмүрүн алган. Ал эми бул жолку жаңжал, куралдуу кол салуу элибиз үчүн чоң трагедияга айланды. Биз бул окуяга мамлекет катары мамиле кылышыбыз керек. Бул ачыктан ачык тажик тараптан агрессия болду. Анткени, Баткен районундагы Головной тарапта талаш болуп жатса, тажиктер  100 км ары жактан, Лейлек району тараптан кол салып киришти. Бул кылгандары үчүн Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуубуз керек. Өкмөттүк эмес уюмдар кайрылабыз деп жатышат, эң туура кылышууда, кайрылуу зарыл. Тажик бийлигинин кыймыл аракетине укуктук баа берилиши кажет. Чек арадагы чырларда жеңил куралдар колдонулса болот, а тажик тарап оор артиллерия колдонду, биздин аймакка басып киришти. Эл аралык аскердик норма бар да, согуш жарыялаш үчүн себептерин айтыш керек. Ал норманы сактабаса, айтып-дебестен бастырып кирсе, агрессияга жатат. Агрессия - аскердик кылмыш. Садыр Жапаров: "Чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбайм", - деди. Мен анын бул чечимин абдан колдодум. Керек болсо, ЖККУнун жыйындарында, саммиттерде  да Рахмонго кол берип учурашпаш керек. Дипломатияда ошондой ыкмалар бар, дүйнөлүк коомчулук Рахмонду агрессор катары таанып, кылыгына укуктук баа берилмейинче, дипломатиянын ыкмаларын колдонуу туура болот. 

- Баткендеги окуядан кийин көпчүлүк ынтымактын, биримдиктин кадырын түшүнүп, ынтымактуу бололу деген чакырыктарды ташташууда. Бирок ошол эле учурда айрым саясий күчтөрдүн, кээ бир бузуку адамдардын ойлору башкача өңүттө кетип жатат. Азыркы бийликти кескин сындап, окуяга айыптагандар да бар. Алар өз пикирлерин коомчулукка таңуулап, элдин пикирин өзгөртүүнү каалап жатышат. Сиз буга эмне дейсиз?

- Мен эки нерсени айтам, түрмөдөн чыккандан кийин мурунку бийлик менен сүйлөшкөнбүз. Ошондо, Сооронбай Жээнбековго эки маселени айтып, эгер ушул чечилсе, анда аны колдоого алаарыбызды билдиргенбиз. Ал маселелер: темир жолду куруу жана мамлекетти коммуникациялык көз карандысыздыкка жеткирүү. Булар өтө чоң маселелер, керек болсо биз талашып-тартышып жаткан маселелерден да орчундуу. Азыр темир жол курулат деп жатышат. 30 жылдан бери темир жол курбадык. Чоң державалардын таасиринен чыга албай, темир жол курсак аларга жакпай калат деген жалтануунун сазына батып келдик. Бүгүнкү күндө  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун тезинен баштап жиберүүбүз керек. Бул темир жол Европа менен Орто Азияны, Кытайды байланыштырган эң кыска жол болот. Ал курулса транзиттик өлкөгө айланабыз, азыр туюк өлкөбүз. Темир жол Фергана өрөөнүнөн өтөт, аны курдурбайбыз деген кээ бир өлкөлөрдүн саясаты мына ушул себепке байланышкан. Эл аралык күчтөрдүн чоң оюндары аралашты, абайлообуз керек. Биздеги кээ бир саясатчылар да бар башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгында иш алып барган. Аларга Кыргызстан ири державаларга көз каранды болcо, а өздөрү ошол  державалардан каржылык колдоо алып өз оокаттарын жүргүзө берсе, так  ошол керек. Мына ушундай, мамлекеттин кызыкчылыгына тетири келген саясат бизде бар. Нечен жылдан бери уланып келатат. Бирок биз көз карандысыз мамлекет экенибизди түшүнүшүбүз керек. Темир жол, суу, коммуникация - булар биздин мамлекеттин менчиги болушу керек. Ошондуктан, чек арадагы куралдуу кол салуу жөн гана атышуу эмес, олуттуу себептерди өзүнө камтыган чоң трагедия. Чек ара долбоору миң жылдык долбоор болушу керек, мында принципиалдуулукту туу тутуу зарыл. Темир жол курулса Орто Азия элдеринин дүйнөлүк аренага чыгууга мүмкүнчүлүгү кеңири ачылат. Бул иште ынтымакташып, чек араны чечем деген адамдын чечимин колдоп, жардам беришибиз зарыл. Экинчинден, биз жалгыз эмеспиз, бизди биздин аракеттерибизге каршы болгон өлкөлөрдөн да кудуреттүү мамлекеттер колдоп турат.

 - Чек ара маселесин чечүүдө Камчыбек Ташиевдин аракеттерин бир жактуу каралоолор болууда. Анын айтпаганын айтты кылышып, видео монтаждардан бери жасап таратышты. Сиз мындай жаманатты кылуу аракеттерине кандай ойдосуз?

- Камчыке менен отуз жылдан бери таанышмын. Мүнөзүн жакшы билем. Саясий кызыкчылыгыбыз көбүнчө дал келбей калат, бирок анын позициясынан кайтаарына, кайсы бир кызыкчылыкка кирип кетээрине түк ишенбейм. Тажиктерден кечирим сурады деген видео чыкпадыбы, аны көрөөрүм менен монтаж экенин билдим. Болгондо да өтө примитивдүү монтаж. Бизге да андай монтаждарды далай жасашкан. Бул киши кечээ эле чыга калган жок, тарыхы бар. Тарыхына көз жүгүрткөндө деле ага жасалып жаткан каралоолорго ишенүүгө мүмкүн эмес. Менимче, көбү буга ишенбейт. Ал өтө чоң жоопкерчиликти моюнуна алды, баары эле ала бербейт. Башын канжыгага байлап коогалаң чыккан жерге барды. Чек ара маселесин чечип, чыр-жаңжалга чекит коелу деп жатат, мында колдошубуз керек. Туура, бир аз кемчиликтер болуп калышы мүмкүн. Жакында бир топ саясатчылар, чек ара маселесин жакшы билгендер чогулуп сүйлөштүк, талкууладык, сунуш айттык, талашып-тартыштык. Биздин сунушубуздун, жүйөбүздүн көбүнө Камчыбек Ташиев ынанды. Чырды улантып албайлы дедик. Ошондуктан, азыр бардык саясий күчтөр, саясатчылар сунуштарын бериши керек. Көп нерсе азыр ачык болуп жатат. Баарыбыз биригип, отуруп сүйлөшүп, элге кошула чыгып түшүндүрсөк, жеңил болот болуш керек деп ойлойм. Себеби, Фергана өрөөнүнүн маселеси абдан опурталдуу, оор маселе. Эски СССРдин аймагындагы эки курч маселелүү жер бар: бири Кавказ, экинчиси Фергана. Дүйнөдө төрт кызыкчылык болсо, алар Фергана өрөөнүнөн кесилишет. Орусиянын, Батыштын, Ислам дүйнөсүнүн жана Кытайдын кызыкчылыгы. Американын мамлекеттик ишмери, улуу ойчул Бжезинский “Ким дүйнөнү башкарам десе, Евразияны башкарсын”, - деген. Евразияны башкарыш үчүн Орто Азияны колго алыш керек. Ошондуктан, бул жерде өтө терең, өтө кылдат карай турган маселе жатат. Менин сунушум ушул болууда: кеңешип иш кылалы, кылдат бололу. Азыр сен-мен деп кер-мур айтыша турчу убак эмес. Азыркы учурда саясатчылардын 90 пайызы бүгүнкү күндө бул маселеде бийликке жардам берүүгө даяр.

- Бийликтин чек ара маселесин чечүү боюнча аракетти туура жолдо баратабы?

- Маселе абдан оор, биз күнөөлөгөндү гана билип жатабыз. Күнөөлөштөн мурда буга маани берүү керек. Эки тарапты тең угуп, өзүбүзгө бекем болушубуз зарыл. Менин оюмча, бул окуяда кимдир бирөө утулуп калды деп жыйынтык чыгаруу болбойт. Буга макул эмесмин. Азыр согушка чейинки акыбалга келебиз деп кол коюлду. Кимдир бирөөнү айыптаганга шашпашыбыз керек. Бизге жазгандар көп болуп жатат, "Эмнеге отурасыңар, чек ара маселеси боюнча пикириңерди айтпайсыңарбы?" - деп. Биз жөн отурган жокпуз, пикирибизди айтып, сунушубузду жолдоп жатабыз. Мен мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөн адам катары сунушубузду биринчи бийликке жолдойбуз, эгер угушпаса, жыйынтык чыкпаса, анда анан элге чыгарабыз. Азыр да бийликке сунуштап жатабыз. Бүгүнкү күнү баарыбыз биригишибиз керек, араздаша турган учур эмес. Ошондуктан, учурда чек араны чечели деген аракеттерди колдошубуз керек. Маселени кийинкиге калтырганга болбойт. Маселени калтыруу деген чырды калтырууга барабар. Ийри отуруп, түз кеңешип, азыркы акыбалдан чыгуу үчүн маселени тезирээк чечүү зарыл. 

- Конституция күнүндө жаңы Конституцияга президент кол коюп, өлкө президенттик башкарууга өттү. Кандай ойлойсуз, Баш мыйзам өзгөрүлүп, системанын алмашуусу жылыштардын болушун шарттайбы?

- Система боюнча талаштуу маселе болду. Мен өзүм парламентаризмди көбүрөөк колдогонмун. Анткени, ар кайсы маселени талашып-тартышуу менен бир нече жааттардын макулдашуусу, сунушу менен чечүү туура болот деп эсептегем. Бирок президенттик башкарууну жактагандар жоопкерчилик бир кишиде болсо тез өнүгөбүз деген аргумент айтышты. Болуп жаткан окуялардын өңүтүнөн карасак, бул маанилүү деле эмес. Биз элдин тандоосун моюнга алышыбыз керек. Бир эсептен, президенттик башкаруунун дагы оң жактары көп: бир киши жооп берет, иш оперативдүү болот, фракциялар менен кеңешип отурбайт ж.б. Эмнеси болсо да, 5- май өлкөбүздө чоң бурулушту баштап берди. Мындайча айтканда, революциялык күн болду. Эми ушул Конституцияга баш ийип жашашыбыз керек. Аны иштетишибиз керек. Кеп ал же бул түзүлүштө эмес, кеп ошол Конституциянын иштеп кетишинде. Эң башкысы таза шайлоого жетишип алсак, Кыргызстанда катаклизм болбой, стабилдүүлүк орнойт эле. Алдыда парламенттик шайлоо турат, аны максималдуу таза өткөрүүбүз керек. Садыр Жапаров өзү деле кайрылуусунда жергиликтүү шайлоолор таза болбой калганын моюнуна алды. Бул жакшы нерсе. Демек, алдыда кемчиликтерди жоюп, таза шайлоого жол салынат деген үмүт жанды.

Булак: "Майдан. kg" гезити