- Мамат агай, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына “бийликте турган азаматтар күнөөлүү” деди. Бирок, чек арада кандуу окуянын чыгышына өзүнүн дагы тийешеси бар, ал учурунда Тажикстан тарапка стратегиялык мааниси өтө чоң участокту берүү тууралуу меморандумга кол койгон дешет. Эгер бул маалымат чын болсо, андай адамдын бүгүн акыл айтууга моралдык укугу барбы?

- Мен эч кимдин тарабында эмесмин. Азыр менин айылыма, туугандарыма баруу коркунучтуу болуп калды. Ортобоз айылынын Көк-Терек бөлүгүндө 17 үй күйүп, талкаланып, элдин мүлкүн, малдарын тажиктер алып кетишиптир. Туугандарым (Марданов Зикир, Ганы) туулуп өскөн үйгө авиабомба түшүп, жарылбай калыптыр. Бул жерде Мадумаровдун да күнөөсү өтө чоң. Жака-Өрүк участкасынан чоң аймакты тажиктерге берип койгон. Бекер бербесе керек... Ал эми Камчыбек Ташиев Баткен, Лейлек районундагы бүгүнкү абалга тиешеси барларды аныктоо боюнча жеңил айтканда, комиссия түздү. Эми текшерип, күнөөлүүлөрдү аныктаганда көрөбүз.

- Жака-Өрүктү качан, кандайча берип койгон?

- 2009-жылы Бакиевдин убагында протоколго кол коюлган, анда Мадумаровдун колу турат. Ага айтсаң эле чычалайт. Кол койбой койсо болот болчу да. Эмне себептен жерди тажиктерге кармата салышканынын себеби, ошол убакта кытайлар Баткенден Исфанага жол салышкан, Баткенден келип туруп, Көк-Ташка такалып, сайдын боюнча келгенде тажиктер чыгып: “бул биздин жерибиз”,- деп талашкан. Ошондо, Кытайга тезирээк жол салдырууну каалагандар барышып, эч кимден сурабай эле (ал жерде губернатор, Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон), “Бул жер тажиктердики, биз 49 жылга ижарага алдык”,- деп протокол түзүп, жерди коңшуларга кармата беришкен. Ошону менен сайдын ичиндеги 800 кмге жакын, ортосунда дарыя агып турган жер өтүп кетти. Жака-Өрүктөн Мачаиге чейин болжол менен 2-2,5 миң гектар жерди тажиктер өзүмдүк кылып алышты. Сайдын ичиндеги ташты Тажикстандын Мачаи айылынын тургундары тазалап, отурукташышты. Ошентип, тажиктер “Головнойго” жакын барып калышты. Жыйынтыгында, канча деген жаш жигиттерибизди бир миномет менен жок кылышты. Канча жерди кармата берип отурабыз, чыр ошондон чыгып келе жатат. 

- Эмнеге ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда болуп жаткан согушка ак же көк деп үн каткан жок?

- Анткени, ЖККУга Кыргызстан да, Тажикстан да мүчөбүз. Ошон үчүн биздин ЖККУдагы өкүлүбүз маселени Тажикстанга кабыргасынан коюшу керек болчу: “Силердин Кыргызстанды көздөй аткан огуңардан канча эл кырылды? Канчасы жарадар болду? Канча үй, канчалаган АЗС, чайхана, ресторандар, больницалар, мектептер, мечиттер жана башка обьекттерди өрттөдүңөр жана талкаладыңар? Канча миң деген элибиз үйүн, малын таштап качты? Эми жоготуулар мынча миллиард болду?”- деп. Ошол чыгымдарды төлөгүлө деп талап кылышыбыз керек.

- Эмнегедир орус басылмалары тажиктерге жан тарткан, согушту кыргыздар баштагандай таасир калтырган маалыматтарды чыгарышты. Мындай учурда ачуу чындык көз жаздымда кала береби?

- Негизи, чындык күчтүү тарапта болот. Тагыраагы, “сильный всегда прав” деген принцип бар. Ошондуктан орустар биринчи тажиктер менен кеңешет, андан кийин биз менен сүйлөшөт.

- Тажик тарап келишимге кол коюп, бирок аткарбай жатса да, маселени тынчтык жолу менен чечебиз деп аларга каршы жооп кайтарбай койгонубуз туура болдубу? Коргонуу маселени жеңилдетеби?

- Согуштун принцибинде “эң жакшы коргонуу - бул чабуул”- деп айтылат. Тажиктерди көрдүк. Абдан даярданышкан экен. Вертолёттор, дрондор, БТРлер, минеметтору жана башка техникалары менен бизге кол салды. Бизде ошондой чабуулга кире турган мүмкүнчүлүк барбы деген маселе бар.

- Ошондо, “алар баары бир акылга келбейт, убаданы аткарбайт, биз мындан ары дайыма алар менен сак болушубуз керек”- дегенди айткыңыз барбы?

- Мен тажик элинин да, бийлигинин да куулугун айткым келет. Алар абдан куу. Оозу менен башканы айтып, колу менен башканы кыла берет. Ошон үчүн тажиктердин өкүлдөрүнүн ой пикирин угуп коюшубуз керек, бирок толук ишенбешибиз керек. Аларга ишенип, аскер техникаларын чыгарып кетпешибиз керек. Алар тынчтык орноду деп отурсак, күтүлбөгөн жерден кайра эле кол сала беришет. Ошон үчүн өтө сак болушубуз зарыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар “жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап” деген макалды эске салат. Кыргызстан 1997-жылдарда Тажикстанга жардам берип, алардын жарандык согушун токтотуп калууга жардам берди эле. Кийин тажик президенти Эмомали Рахмон: “157 миң адам ошол согушта курман болду”,- деп айтпадыбы. Ал эми расмий эмес маалыматтарда 280 миң адам өлдү деп айтылып жүрөт. Биз дардаңбай кыргызбыз, алардын согушун токтотуп жардам бердик. Бирок тажиктер куу эл болот, куулугун ушундан билсе болот, булар сөзүндө турбайт.

Тажиктер менен аралашып, чектешип жашабагандар алардын кандай экенин түшүнбөйт. Кокус сиз барып калсаңыз, алар жакшы тамагын - палоо басып, арак-шарап берип жакшы сыйлайт. Жакпай калсаңыз, уу берип өлтүрүп коюш да алардын колунан келет. Биз кылымдар бою чектеш аралаш жашап, алардын кыял-жоруктарын жакшы билебиз. Мен совет доорундагы булардын жетекчиси Расуловду көрүп, жыйындарына катышып калдым. Набиевди, Маккамовду да көрдүм. Азыркы президент Эмомали Рахмон 18 жылдан бери иштеп келе жатат. Биз аларды өзүбүздөй ачык айтып, түз жүргөн эл катары көрбөшүбүз керек. Тажиктер андай эмес. Алар менен ар дайым этият болушубуз керек. Алар келишимге кол койгону менен андан ары эмне кылышканын көрдүңөр да. Ошон үчүн булар менен алыш-бериш, дегеле мамиле жасоодо абдан кылдаттык керек.

- Тажикстан менен чек ара маселесин тактоодо мурдагы кыргыз бийликтери кандай жаңылыштыкка барышкан?

- Биздин эски бийлик да убагында көп катачылыктарды кетирген. Мен да өз мезгилинде губернатор болуп барган биринчи эле күнү “Головной” суу башына күчтүү кароол койдум. Дагы оюмда бар эле, андан да күчтүү ДОТ коюп коеюн дегем, себеби эртеби-кечпи тигилер кол салаарын билгем. Анүчүн коргонуу жакшы болуш керек эле.

“Биз бир кезде тажиктерге жардам бердик эле, эми алардын кылганы бу”- деген кеп-сөз азыр айтылып жатат. Анын баары өткөн иш, алар аны унутту. Себеби, Советтер союзунан бөлүнгөн ар бир мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы пайда болду. Андан башка ар кандай элдин кызыкчылыгы, дегеле кызыкчылыктар көбөйдү. Ошолордун арасында баңгизаттарды ташыгандардын, курал саткандардын кызыкчылыктары пайда болду.

Тажикстан Афганистан менен чектешкендиктен, ооган баңгизаттары Тажикстан аркылуу, андан ары Баткен, Лейлекти аралап, Россияга жана башка мамлекеттерге тарайт. Булар совет доорунда эле белгилүү болчу. Баткендин, Лейлектин тоолорунда июлда чек ара ачылганда ошол жерде чектеш Матчевск, Гарб райондорунан баңгизаттарды ташуу башталат. Алардан тышкары малын айдап келип сата башташат. Кокон шаарына чейин кирип сатышат. Кокон хандыгынын, падышалык Россиянын учурунда, кийинки совет доорунун учурунда деле алар ушундай иштерди жасап келишкен. Ошондуктан бул баңгизаттын тарыхый жолу.

Биздин эски бийлик аларды ошол бойдон калтырып, биз аларга кайра контрабанда менен бензин сатып, азыр Лейлекте 60ка жакын май куюучу жайлар бар. Ошолорго ташымыш болуп, а негизинен тажиктерге контрабанда кылып сатып жатышып, биздин көп азаматтарыбыз байып алышпадыбы. Мамлекет, бийлик аларды көрмөксөн болуп туруп берди. Азыркы бийликтегилер: “биз ал жердеги контрабанданы токтоттук” деп айтып жатышпайбы, демек контрабанда, баңгизаттардын жолу токтоду да. Алар менен иштегендер абдан бай эл, аларда акча абдан көп. Анан алар да аракет кылышты көрүнөт. Азыркы бийлик бардыгын анализдеп, тактап албастан бир аз шашып кетти да, анан азыркыдай абалга дуушар болду.

Маектешкен Каныбек Темиров

Булак: “Майдан. kg” гезити