- Мамат агай, Ворух анклавына тажик жарандарынын каттоосун камсыз кылуу максатында Капчыгай айылынын чыгыш тарабынан айланма жол куруу багытындагы макулдашууну мактоого алгандар да, ошол эле мезгилде “катачылыкка жол берилди” деп сындагандар да чыгып жатат. Протоколго бизден К.Ташиев кол койгон экен. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Менин оюмча, туура чечимге келишкен. Азыр Исфара-Ворух жолу Ак-Сай айылын аралап өтөт. Чырдын бардыгы ошол айылдын тегерегинде болуп жатат. Жаңы жол биздин аймактагы Капчыгай айылынын чыгыш жагынан өтөт. Эң негизгиси – элдин бири-бири менен контакты (тажик-кыргыздын) жоюлат. Бирок, жол өтө турган жер - Капчыгай айылынын эли кышта, күздө кой эчкилерин, эшектерин, үндүк жана тоокторун баккан жер. Жогору жактагылар ошону да эске алышы керек. Ошондой эле жол Кыргызстандын көзөмөлүндө болушу керек. Видеокөзөмөл, машинелерди айдоо ылдамдыгы жана башка талаптар тажиктердин катуу талап кылынышы керек.
- Кайчы пикир жараткан бул айланма жолду чечүүнүн башка жолу барбы?
- Башка жолу бар. Ал үчүн Ворух, Мачаи, Көк-Таш айылдарында жашаган тажик элин көчүрүш керек.
- Бирок, жаңы айланма жол курууга макул болсок, “стратегиялык ката болот. Лейлек району, Сүлүктү шаары анклав болуп калат”- деп жатышат го?
- Ансыз деле Баткен районун Самаркандек, Актатыр айыл өкмөттөрү, Лейлек району, Сүлүктү шаары – де-юре анклав. Тагыраагы, меморандумга кол коюлгандан тартып, аренда убактысы бүткөндө фактический анклав болот. Ошондуктан, бул абалды катачылык эмес, абалды жеңилдетүүнүн аракети, биринчи кадамы катары карашыбыз керек.