Жаңы-Жер чек ара заставасынын сол канатында, Худжант-Канибодом автоунаа жолунан  (трасса) болжолдуу Мамлекеттик чек ара тилкесинен 15-20 метр ары жайгашкан Жаштык айылынын тургуну Бободжонов Махмуд тууралуу имиш кептер айтылууда.

Аларга таянсак, 1940-жылдын 29-июнунда туулган Бободжонов Махмуд 2021-жылдын 29-30 апрель жана 1-май күндөрү коңшу Тажикстандын куралчан аскер кызматкерлери Борбордук, Жаштык, Арка айылдарына ок аткылап бастырып киргенде аларга жардам берген. Тажик аскерлери жергиликтүү тургундардын автоунааларын, мал-мүлк жана үйлөрүн тоноп,  өрттөгөн жана бул аракеттерине көмөктөшкөн делген божомолдор бар. (Бул киши ушул убакка чейин Борбордук айылында жашап келген жана кыргыз айылдарында жашаган. Бирок, Тажикстандын жарандыгын алып жүргөн топьун арасында кадыр- баркы бар болуп, алардын көптөгөн чечилбеген маселелерин чечип келгенин белгилей кетели). 

Андан сырткары Бободжонов Махмуддун кыздарынын бири Тажикстанда таасирдүү  мамлекеттик кызматта иштейт деген да маалымат бар. Мындай имиш кептердин чындыгынын бир далили катары айтсак болот, 29-30-апрелде Худжант-Канибодом автоунаа жолунун боюнда жайгашкан үйлөрдүн дээрлик баары тонолуп- өрттөлгөн, бирок алардын катарында турган Бободжоновдун үйүнө эч ким тийген эмес.