Таңгѳрү, айтылган сѳзгѳ реакция кылып, анын тегерегинде талашып-тартышып, жыйынтык чыгаруу боюнча сынак болсо, биз биринчини алсак керек эле. Айтайын дегеним, толук билбей. түшүнбѳй, аңдабай туруп кандайдыр бүтүм чыгаруудан алыс бололучу, туугандар!
Ташиевдин «извините нас» деген сѳзүнүн тегерегинде эмнелерди гана айтып ийишпеди заматта. «Орус тилин билбесе, кыргыз тилинде эле сүйлѳбѳйт беле…» деген сыяктуу сѳздѳр жазылып, Ташиевдин орус тилин билүү деңгээлин сѳз кылууга чейин жетип кеттик. Тажиктер кыргыз тилин, кыргыздар тажик тилин түшүнбѳйт. Тажик тили – фарс тилине, кыргыз тили - түрк тилине кирет. Анан диалог болушу үчүн эки тарап тең түшүнгѳн орус тилинде сүйлѳшѳт да.
Байкасаңыздар, тажик тарап биздин социалдык тармактардагы ѳтѳ актуалдуулугубузду, бир нерсеге чагылгандай тездикте реакция кыларыбызды билип алышып, ошонубузду ѳзүбүзгѳ каршы курал катары пайдаланып жатышат. Жолугушууну кѳрсѳткѳн боюнча видеону да тажиктер атайын ѳздѳрүнѳ ыңгайлуу ѳңүттѳ монтаждап, кыргыз бийлигине элди тукуруу максатында социалдык тармактардагы кыргыз сегментине таркатып ийгени кѳрүнүп турат. Алар муну менен «күнѳѳ силерде, силердин Ташиевиңер бизден кечирим сурады» дегенди жайылткылары келип атат. Алардын чагымчыл, азгырык аракеттерине алдырбайлы, алданбайлы. Баткен окуясына, чек ара маселелерине байланыштуу кандай маалыматтар чыгарылбасын эртелеп бүтүм чыгарып, кырылышпайлычы.
Мирлан Дүйшөнбаев