“Камчыбек Ташиев" тажиктерге дообуз жок",- деди”. Мына ушундай маалыматты таратып, коомчулуктун көңүлүн удургутууга аракеттенгендер пайда болду. Алар Баткендин, чек ара аймагында жайгашкан, кол салуудан жабыркаган айылынын тургундары менен жолугушуусунда УКМКнын төрагасы ушундай кепти айтканына басым жасашкан. Биз чынында Камчыбек Ташиев ал жолугушууда эмне деп айтканын, терс маалыматтарды таратып жаткандардын кебинин чын-калпын билүү үчүн видеодогу билдирүүсүн сөзмө сөз кагазга түшүрдүк.

“Мүмкүнчүлүк болуп, жетип кала турган болсо каражатыбыз ар бир үйдөн уурдалган машинаны, күйүп кеткен машиналардын бардыгын ордуна койгонго аракет кылабыз, Кудай кааласа. Биз жалгыз эмеспиз, дүйнө коомчулугунда, урматтуу туугандар, биз жалгыз эмеспиз. Биздин Кыргызстандын...  элим ушундай кыйналып турганын дүйнө коомчулугу бардыгы көрүп турат. Азыр көрүп турат. Биз өзүбүз бирөөнүн үйүнө кирген жокпуз, бирөөгө кол салган жокпуз. Биздин тынч жашаган элибизге келип моминтип кол салып, бүлүк салды. Ошондуктан, Кудай кааласа, дүйнө коомчулугу да карап турган жок, алар дагы жардам беребиз деп жатат. Бирок биз бирөөнүн жардамына муктаж болбостон, өз колубуз менен, мамлекеттин күчү менен элибиз тарткан зыяндарды ордуна коебуз, Кудай кааласа. Кыжалат болбоңуздар”, - деп айтыптыр Ташиев.

Дагы бир жолугушууда: "Азыр Тажикстан тарапка чыгымдын бир бөлүгүн көтөрүп бер деп кайрылбайбыз, биздин өзүбүздүн күчүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз жетет, өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз менен биз өзүбүздүн элдин үйлөрүн курабыз. Эгерде кайсы бир убакта Тажикстан кылган иштерине өкүнүп, жардам берем деп, биз ошол кылган зыянчылыкты толтуруп беребиз деп кайрылган болсо, биз аны карайбыз. Бирок азыркы күндө биз Тажикстандан жардам бер деп суранбайбыз"- деген.

Бул жерде “тажиктерге дообуз жок” – деген кеби барбы? “Азыр жардам бер деп суранбайбыз” дегени кандайча жогоруда айтылган үч сөзгө айланып кеткени таң калыштуу.  Эч кимге жалдырап барбайбыз, өз элибиздин үйүн өзүбүз курабыз дегендин эмнеси жаман. Коңшу өлкөгө доогер болгон учурда да кун төлөтүп алуу  процесси узакка созулаары белгилүү эмеспи. Кыргыз бийлиги ошол убакка чейин Тажикстандын чыгымды көтөрүүсүн күтүп, үй-жайсыз калгандарды  арасат жолго калтырса, азыр сөздү бурмалап Ташиевди каралап жаткандар эле кайра кыйкырып чыгышмак. Деги эмне жагат?