Жаңы бийлик келгени чек ара маселесин чечүү приоритеттүү маселе катары эсептелип, бир катар иш-аракеттердин алкагында Өзбекстан, Тажикстан менен чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиялар иштеп жатканы белгилүү. Комиссиянын ар бир отуруму өтө оор өтүп жатканын Камчыбек Ташиев ЖМКлардын бирине билдирген. Албетте, оор өтөт. Бизге мекендин бир карыш жери кандай кымбат болсо, аларга да ошондой кымбат! Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт! Ошого карата келишим түзүүгө аракеттенет.

Баткендеги талылуу маселе - аткезчилик жолу менен Тажикстанга товар ташуу, өзгөчө бензин. Дал ушул аткезчилик адам өлүмү, жоготуулар менен коштолгон бүгүнкү кейпибизге алып келди. Кайсы бийлик келсе да, ошолордун капчыгын кампайткан бензин ташычууларды эч ким тыйа алган эмес.  Ошондо бул каналды жергиликтүү бийлик жана чек ара кызматы көзөмөлдөп калат экен.

29-апрелде Баткен районуна тажиктер кол салып, “Головной” талашка түшүп, эки тараптын жарандары таштар менен урушуп жатты. Биз тараптан бир да реакция болгон жок. ЖМКлардагы маалымат боюнча Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын тиешелүү жетекчилери менен сүйлөшпөй, Баткен районунун акиминин орун басарын жиберген. Ар кандай сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай турду. Ошондо Камчыбек Ташиев дарыланууга кеткен жеринен чет өлкөдөн кайтып келип, кырдаалды өзү көзөмөлгө алды. Буга дагы коомчулук күбө.

Баткен облусунун өзүндө деле облусту коен жатагына чейин билген, ар тараптуу тажрыйбасы бар, тажиктердин салтын билген, сырын билген, мыкты кадрлар бар эмеспи.

Тилекке каршы, биз ишенген генерал Суваналиев карыган чагында болгон аброюн төгүп, контрабанда ташып иштеген мафиянын кылтыгына илинген. Эске салсак, буга чейин Ташиев Тажикстанга бир литр да бензин өткөрбөй, аларда бензин тартыштыгы жаралып, 1 литр бензиндин баасы 95 сомго чейин чыккан. Бул экономикалык санкция кошуналарды алсыратты. 21-кылымда техника менен бензин да аба-суудай эле керек.

Эми ойлонсок, контрабанда ташыган мафия Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев баштаган бийлик коррупция, аткезчилик менен катуу күрөшүп баштаганын сезип, облустук деңгээлдеги аткаминерлерди жана чек ара кызматынын үлкөн кишисин колго алышканы пайдалуу болгон бейм?

Кыргызстандын бүтүндүгү бир эле Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге керекпи? Канчалык оор болгон күндө дагы толеранттуулук менен эл аралык нормаларды бузбай, башкысы мамлекеттин, элдин тагдырына кооптонуп, көрөгөчтүк жолду тандады. Күйгөндөн айткан бир сабак болду бул жагы! Президент, өкмөт ишенген карачечекей кадрлар ушундай пастыкка барып жатса, Кыргызстан кантип өнүгөт!

Сырткы душмандан дагы ички душмандар коркунучтуу экенин ушундай билели, урматтуу кыргыз элим! Чыккынчылар, бузукулар, арабызда эле турат, мыйыгынан күлүп, ак көйнөктү кийип. Тарых буларга баасын да, жазасын да берсин!

“ФБдан” алынды