Журналист Ырысбек Өмүрзаковдун айтымында, “Роза Отубаеванын демилгелери” фонду тажик жарандарына элден жардам чогултуп жүрөт.

“Баткен жергесине кирип, карапайым элди атып кырып койгон бандит тажиктердин, 1999- 2000-жылдары Кыргызстанга кирип келген эл аралык экстремистер жана террорчулардан айырмасы деле жок экен. Бирок, менин айтайын дегеним башка...

Ар кайсы жерлерде: базарларда, соода борборлорунда, көчөлөрдө, автобекеттерде, вокзалдарда, коомдук транспортто Баткенде жабырт таркан мекендештерибизге жардам чогулткан жаштарга рахматыбызды айтышыбыз керек. Жаштарыбыз өздөрүнүн жарандык милдетин аткарып туру.

Ал эми, интернационалист боло калып, “бир тууган” тажик элинин Баткенде жабыр тарткан тажик жарандарына кыргызстандыктардан акча каражат чолулткан “Роза Отубаеванын демилгелери” фондунун иш аракеттерин кандай деп түшүнүүгө болот?”- деп жазды Ы.Өмүрзаков.