Сабыр кылуу менен азыр тынч уктап атабыз. Кызуу кандуулукка алдырып, элге курал таркатып, армияга “аткыла!” деп команда бергенде азыр канча адам өлгөнүн санай албай калмакпыз... Согуш дароо токтомок эмес. Ар бир кыргыз Баткенге жетип барып өлгөндүн үстүнө көмгөн боло бермек. Башкы кол башчылардын, атайын кызматтардын чечими менен провокацияга азгырылбай, өзүбүздү колго алып кыжынсак да жооп бербей койгонубуз туура болду. Анткени, Ленинабадда турган жоон топ армия таш талканды чыгармак. Ким аларды шыкактап, куралдантып, пардан берип жөнөткөнүн түшүндүңөр да... Албетте, шейит кеткен мекендештерибизге жүрөк тилинет. Бирок  алардын өчүн алабыз деп курал кармап жөнөсөк, бир баласы өлтүрүлүп, экинчи баласы өч алам деп камалып кеткен энедей эле болмокпуз.

Кече мен “сабыр кылалы, ок чыгарбай, “ответка” бербей, элге курал таратпай турган кадамыбыз туура” деп жазып, телелерден чыгып элди сабырдуулукка үндөсөм, түтүнчүлөр, мени көрө албаган ичи тарлар, көп нерсеге акылы жетпеген караңгылар кошоматчы, пахтакор, сүйлөй берет, тим эле военный эксперт болуп кетет, тиги бу деп жамандап өлүп калышты. Мага сын айткан хейтерлер, силердин жазганыңар мага чымын чаккандай да болбойт. Ит үрүп кала бергендей эле мамиле кылам. Эгер силер айткандай мен эчтеке билбесем, кошоматчы же сабатсыз болсом, менин ар бир постумду жүздөгөн адамдар бөлүшүп, телевидениелер чакырып, ютубканалдар просмотрларын көбөйтүп, калың эл эсептешпейт болчу. Эгер силер менден кыйын болсоңор, хотя бы силерден бирөө жарым пикир сурайт эле. Андыктан, 10-15 ичи тардын, фейктердин жазганы мага бир тыйын. Ушул убакка чейин божомолдорум туура чыгып, анализдерим карапайым калкка пайдасы тийип жатканы мени кубантат. Кече кызуу кандуулукка алдырып, курал бергиле элге, тиги-бу, намыс барбы деген сыяктуу позицияны кармаганда бүгүн канча адамды жоктоп отурмакпыз. Эң чоң кубанычым ушул. Көпчүлүктүн аман калганы. Үй-жай, мал-мүлк табылат... Чоң кыргындан Кудай сактады...

Соцсеттеги ички душмандар каалаганыңардай үрө бергиле, менин кандай адам экеним, максаттарым кандай экенин бир Кудай билсе болду...

Рамазан айында баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам, орозоңуздар кабыл болсун! Эл башчыларынын ар бир кадамы кечегидей ойлонулган кадам болсун деп тилек кылалы...