-Мамат агай, неге орозонун улуу күнүндө элибиздин башына мүшкүл иш кылып, тажик тарап согуш ачты?

-Менимче  тажиктер эбактан бери эле даярданып жүрүшкөн. Күчүбүздү, аскер техникабызды кыргыздарга  көрсөтүп коёлу деп. Ошон үчүн орозонун улуу күнүнө карабай күчүн көрсөтүп, бейкапар жаткан элибизге согуш ачып, бүлүк салышты. 

-Аларга да сес көрсөтүү үчүн эмне кылышыбыз керек?

-Аскер техникаларды жана курал жарактардын тиешелүү бөлүгүн Баткенде, Лейлекте кармаш керек. Антпесек булар макулдашып, элдешмиш болуп алып, кайра эле жаңжал чыгара бериши ыктымал. Орустардын сөзү бар го “Хочешь жить в мире готовься к войне” деген. Ошон үчүн  жарашып алдык деп өзүбүздү таштап койбой, ар дайым согушка даяр болушубуз керек. Бирок, сүйлөшүүлөрдү дипломатиялык жол  менен ууланта беришибиз керек. Анткени, тажик эли акылдуу эл, бирок өтө куу эл. Азыр эсиме  бир тажик таанышымдын айтканы түшүп жатат. Ал  “базарда түшкө чейин кыргыздарды алдайбыз, түштөн кийин бири- бирибизди алдайбыз” деген. Эң негизи алданбаска аракет кылышыбыз керек.