-Рамазан мырза, айлардын падышасы болгон Орозо айында тажик тарап кол салып, эмнеге жаман жорукту баштады?
- Менимче тажик тарап көп жылдан бери даярданып жүрүшкөн. Ошон үчүн окоптордон бери казышты. Кыргыз тарапты болушунча жабыркатуу үчүн тик учак, жана оор техникалардан бери колдонушту. Тилекке каршы, мындай учурда кыргыз бийлигинде жетишээрлик маалыматтын жоктугу байкалып калды. Чынында элчибиз буга окшогон жагдайдан эбак кабардар болушу керек эле. Чек ара тармагы, ИИМ, УКМК да жаңжалды алдын ала билип, даяр турушу керек эле. Биздин атайын кызматтын разведка, контрразведка бөлүмү жакшы иш алып барбагандыктан, толук маалымат жок болуп, жыйынтыгында бир канча өлүм болду. 100дөн ашык жарат алгандар катталды. Тагыраагы, ушундай жаңжал болоору тууралуу маалымат Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге учурунда жеткизилбегендиктен биздин эл көп жабыркап калды.
-Эми абалды жөнгө салуу үчүн кыргыз бийлиги гана аракет кылыш керекпи же тажик тарап да милдеттендирилиш керекпи?
-Садыр Жапаров туура айтты “маселени бир тууган эл, сүйлөшүп чечебиз, бирок керектүү иштер ал тарапта да жүрүшү керек” деп. Чынында буга окшогон маселелерди алдын алган иштер, көп жылдан бери жүргөн эмес. Ошондуктан, даярдык жок болгон.
-Берген сөзгө, убадага турбаса, тажик тарап эмне үчүн кечээ расмий келишимге кол койду?
-Тажик тараптын негизги максаты сууну башкаруу. Ал ойлорун кечээ Тышкы иштер министри менен жолукканда дагы ачык айтыптыр го. Мүмкүн келишим алар үчүн алаксытуучу монёврдур. Бирок, ошондой болсо да, алардын ар бир аракетине даяр турушубуз керек. Расмий иш дипломатиялык каналдар аркылуу жүрүп, ар бир кызмат өзүнө тиешелүү ишти аткарып, сүйлөшүү жүрүп жатат деп бейкапар болбошу керек. Негизи, Тышкы иштер министрлиги капкачан эле бул сыяктуу иштерди ОДКБга жана ЕВРАЗЕСте көтөрүшү керек болчу. Ошондой иштер болбогону үчүн маселе жетер чегине жетип, ушундай абал жаралды.