-Марлен мырза, чек арада жыл сайын чыр чыгып, ок атылып, бир канча жараныбыз жабыркабаш үчүн эмне кылышыбыз керек?
-Эң биринчи Көк-Таш менен Ак-Сайдагы чек арага чектеш жашаган элибизге ыраазычылык билдиришибиз керек. Ошондой эле аларга өзгөчө статус берип, пенсия, пособиесин 3 эсе жогорулатып төлөп турушубуз шарт. Мүмкүн болсо ал жерге кичи ишкана ачып, жергиликтүү тургундарды иш менен камсыз кылуунун жолун табышыбыз зарыл. Анткени, алар чек араны тирүү щит болуп коргоп жатышат. Бул маселени бюджетте акча жок деп чечпей көпкө созуп отура бербей, керек болсо жыл сайын чыр чыккан ушул эки айылды мындан ары чек ара кызматы кайтара турган кылышыбыз керек. Антпесек, мындай токтобойт. Мекенибиздин бүтүндүгүнө шек келет. Анткени, тажиктер жерибизге акырындап кирип келип отуруп, метрлеп болсо да ээлеп жатышат. Ал турсун акыркы мезгилде талаш болбогон жерди деле такталбаган талаштуу жер деген тактика менен ээлеп алууга аракет кылып жатышат. Бул маселеге олуттуу чара көрүп, чек араны тактоону тездетпесек, алар акырындык менен жерибизди алып отуруп, Ворухту анклав кылбай кошуп алышат.
-Неге тажиктер чындыкка коошпогон маалыматтарды таркатып жатышат. Аларды бизге каршы көкүткөндөр барбы же алардын тактикасы ошондойбу?
-Негизи алар ыңгайлуу мезгилди күтүп эле отурушат. Ыңгайы келе калганда эле чындыкка кошпогон жалган маалыматтарды таркатышат. Сүйлөшүүлөр болсо, ошону көзүр кылып көрсөтөт. Силер ушинттиңер деп. Жанагы Грузиядагы сценарийдин пайдаланышып, өздөрү баштады биз жооп бердик дегендей кылышат.