-Ар кайсы жерден адамдар чыгып алып, болбогон шылтоолор менен жаңы бийликти иштетпей тоскоолдук кылып жатат. Ошондуктан, жалпы элге түшүндүрүү максатында кечээ митингге чыктык. Азыркы бийликти колдош керек, убакыт бериш керек. Кандай окуя, кырдаал жаралбасын президент Садыр Жапаров кайсы бир министрди чыгарып койбостон, өзү эл алдына чыгып, пикирин билдирип жатат. Анын бардык көтөргөн демилгелери туура. Жашыра берсе, катастрофа менен бүтмөк. Бардык жоопкерчиликти моюнуна алып жатат, убакыт берип, жок дегенде бир жылдан кийин аракеттерине баа берсек болот. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дейт. Баарын көрүп-билип анан бийликти коргоп чыктык. Мына, президент Кытайдын карызынан кутулуу, электр тармагын сактап калуу боюнча айтып жатат. Оор кырдаалда келип, ачык-айкын сүйлөп, иш алып барууда, анысын колдоого алыш керек. Ыйгарым укуктарын жаңы алды, эми июлдан тартып өзүнүн командасы менен толук кандуу иштеп баштайт. 

Камчыбек Ташиев боюнча да ушул нерсени айта алам. Ал чоң иштерди бүткөрүп жатат. Ушул убакка чейин бир да президент чек ара маселелерин чечүүнү колго ала алган эмес. Чек ара аймактарында кандай гана чырлар чыкпады, адам өлүмүнө чейин жетти. Ал турмак чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибиз, "акчасын деле берели, зымын тартып берели, чек ара аймагын тактап бергиле, эл кыйналбасын", - деп чыгышты. Эми Камчыбек Ташиев жоопкерчиликти алып, Өзбекстандын президенти менен сүйлөшүү жүргүзүп, чечилбей келген маселени чечүүгө бел байлады. Анын негизинде, мурун ала албай келген жерлердин баарын өзүбүзгө каратканын мекенчилик жана жеңиш деп атасак болот. Аны тескери жакка айлантып, бейөкмөтчүл уюмдар жана Мадумаров баштаган оппозициячыл топ ызы-чуу чыгарышууда. Жеңиш Молдокматов тууралуу да айта кетейин. Былтыр Көк-Ташта чыр чыкканда биз барып, чек арачыларга колдоо берип, жергиликтүү эл менен жолугуп жүрдүк. Анда Молдокматов Бишкекте жаткан. Кийин эле тынч Кемпир-Абадга жетип барып, пикирин билдирип калганына таң калдык. Чыр чыккан жерге барбайт да, тынч жаткан элге эмне барат? Анын октябрь окуяларында Атамбаевди коштоп, бийлик алууга аянтка келгенин да билебиз. Анын оюу чек ара же эл тынчтыгы эмес, бийлик экенинде күмөн жок.