-Ташиев чечем деп киришип жаткан чек ара маселеси чыны менен оор иш. Тоскоолдуктарга карабай аягына чыкса, Ташиевден өткөн мыкты киши болбойт. Негизи союздун мезгилинде чек араны чаташтырып, жергиликтүү тургундардын укугун ойлобой эле аралаштырып салышкан. Ошон үчүн бир үй кыргыздыкы болсо, экинчи үй өзбектердики болуп, бири-бирине көз каранды болуп калган. Ошол кездеги 1-секретарь Рашидовдун таасири да Кремлге күчтүүрөөк болгон. Ошон үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы кыргыздын жерине курулса да, суу сактагычтын пайдасын Өзбекстан көрө турган болуп, ошолорго ылайыкталып курулган. Себеби, Өзбекстан жалпы казынага көп пахта берчи. Эми жаңы бийлик чек ара маселесин чечебиз деп катуу киришип жатканда Кемпир –Абад суу сактагычынын нааразычылыктар жаралып жатат. Чынында Ташиев болгон аракетин жасап жатат. Анын ишине ийгилик каалайм.
- Категория: Саясат
- Просмотров: 389
Рамазан Дырылдаев, экс-депутат: “Союз мезгилинде Өзбекстан жалпы казынага көп пахта бергендиктен, Кемпир-Абад кыргыздын жеринде курулуп, пайдасын Өзбекстан көрө турган болуп калган”
Саясат