Өткөндө “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери коронавирус менен күрөшүүгө бөлүнгөн бюджеттин акчасын жеп кеткени үчүн кармалышып, иш козголду.
Мурдакы Ганси авиабазасында оорулар үчүн обсервация жасап курууда мамлекет бөлгөн акчаны урдоо, алып чыгып кетүү схемаларын пайдаланышкан. “Аскер курулуштун” кызматкерлери өздөрүнө тыгыз байланышкан курулуш фирмаларын ишке салышып, жок жерден каражаттардын сметасын көбөйтүшүп, жасабаган жумушка, материалдарга акча кошушкан.
Негизи, бул кылмыш иши биринчи эмес. Мисалы мурда “Аскер Курулуштун” башкы директору Кубаныч Колхожоев УКМК тарабынан кармалган болчу. Бул кудайдан жөө качкан эрен да 2015-жылы 11-сентябрда жогоруда көрсөтүлгөн схемалар менен мамлекеттин бюджетинен акча уурдап, арты ачылып, ачыкталарда Антикоррупциялык кызматтын кызматкерине 10 миң доллар пара сунуштап жаткан учурунда кармалып, СИЗОго киргизилген эле. Кийин эле бул чоң кылмыш ишин чоң пара менен жаап түрмөдөн кутулуп кеткен деген маалымат бар. Акыркы “Аскер Курулуштун” кылмыш ишинен да бул Колхожоев Кубанычтын кулагы көрүнүп жүрбөсүн?
Булак: “Майдан.kg” гезити