- Надира Азимовна, референдум менен жаңы Конституцияны кабыл алганыбыз калпыстык болуп калдыбы? Мындай пикирди айтып жаткандардын дагы бир билгени барбы же эптеп элдин башын айлантууну көздөп жатышабы?
- Бир нерсени айтаардан мурун, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун сөзүн маани берип угуп, терең түшүнүп, жыйынтык чыгарышыбыз керек. Андай сөздү мен билгенден Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көбүрөөк айтып жатышат. Чынында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылы төңкөрүш жасап, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, апрель, июнь окуяларынын каны кургай электе, энелердин күйүтү басылып, ыйы токтой электе Референдум өткөрүп, “Конституция кабыл алынды” деп декрет менен жарыя кылган. Ал турсун бюллетенде “Р. И.О.”- деген тамга да жок болгонуна карабай аны “Президент”- деп жарыялашкан. Ал аз келгенсип мыйзамдуу парламентти декрет менен таркатышкан. Декрет менен баарын каалагандай калчашкан. Ошонун баары алар үчүн легитимдүү болуп эсептелген. Баарынан кызыгы, 2020-жылдын 6-октябрындагы көтөрүлүштөн кийин алар өткөргөн референдум менен кабыл алган Конституциянын негизинде узартылган парламент, түзүлгөн өкмөт, президенттин милдетин аткаруучу легитимсиз болуп калабы?
Анда он жылдан бери легитимсиз парламент, өкмөт, президенттер иштеп келиптир деп түшүнөлүбү? Кыргыз мамлекетин жарга такап, бычактын мизинде койгонуңарды түшүнөсүңөрбү? Тооба кылып, тынчыбайбы? Эмнегедир моокуму дагы деле канбай калгансып, кайра жанталашып элдин башын айлантканды токтотпой жатышат. Ар кимиң ар жерден сороң этип чыга калып, түрдүү баш айлантма ыплас, арам ойлоруңарды таратып, “акаевчи”, “бакиевчи” кылып элди бөлүп, жарып, элге акыл үйрөтүмүш, багыт беримиш болгонду токтотсоңор болот эле. Булардын тарыхта алчу баасы белгилүү. Кыргыз эли азыр булар ойлогондой эмес. Андан бери 11 жыл өттү. Эл кимдин ким экендигин эчак аңдап, түшүнүп бүтүшкөн. Өздөрүнүн башындагы тоодой күнөөнү сезгиси келбей, башкалардан күнөө издегенди токтоткула! Кыргыз элине тынчтык керек! “Корккон мурун муш көтөрөт” болуп, ар кимге баа берип, жалаа жаап, айып издеп, акылдуусынбагыла! Андан көрө, өз абийирлери менен тынчып калышсын. Башкаларга мүмкүнчүлүк бергиле! Жети дубандын тың чыкма кыргыздын жигиттерин, камап, соттоп, жалаа жаап, көпчүлүгүн жараксыз кылып, жеткен жериңер ушул болду! Улуттук лидер боло турган кыргыздын мыктысын таба албай сыйпалап, кыргыз эли түйшөлүп турат. Кыргыздын улуттук лидери тарбияланып, суурулуп чыгышына тоскоолдук кылдыңар. Баш көтөргөндүн баарын өстүрбөй бут тосуп, көпчүлүк жигиттердин канатын кайрыдыңар.
Кадр өстүрбөөгө болгон аракеттерин жасап, өздөрүнөн башкага эч нерсени ыраа көрүшкөн жок. Айла кеткенде өздөрү каржыланып келген Батыштын, АКШнын пикирин эгемендүү кыргыз мамлекетинин ички саясатына таасир этүүгө шарт түзүштү. Бирок, алардын бул аракети жеткен бузукулук! Мыйзам чегинде учурдагы узартылган парламент менен иштеп жаткан бийликке бут тосконду токтотушу керек. Буюрса, ушалар Кыргызстанды абалдан алып чыгат. Аз күндө элибиз өз тандоосун жасайт.
- Эмне үчүн Убактылуу өкмөткө катуу доомат коюп жатасыз?
- Убактылуу өкмөт референдум менен Конституцияга каршы чыккандан мурун эле кыргыз элинин убалына калган. Каалагандай чалчактап, элдин башын 10 жыл айландырышты. Алар кыйын болсо кыргыз мамлекетин өнүктүрүп, өстүрүп, жыргатып жиберишет эле го! Тескерисинче, кыргыз элин карызга батырып, итке мингизип коюшту. Бирок, бул кылыктары үчүн эч кимиси жооп бербей келатат. Ал эле эмес, Убактылуу өкмөттүн мойнунда кечиримсиз кандуу күнөөлөрү турат. Конституцияны чанып, ар кайсыны айтып, элди дүрбөткөндүн ордуна алгач элден кечирим сурашсын. Эл булардан чарчады. Мындан ары тарых алдында жоопкерчилигиңер гана калды. Башкаларга мүмкүнчүлүк берип, тынчыгыла. Батыштан алган тапшырмаларын мындан ары кыргыз элине таңуулабагыла! Кыргыздын эли өзүнүн улуттук менталитетине таандык нарк-насил, каада-салты, үрп- адаты, аталардан калган мамлекеттик башкаруу ыкмасы менен жашайт. Ошон үчүн мындан ары кыргыз мамлекетин саясый эксперимент катары пайдалана албайсыңар.
Кыргыз эли Манас атабыздын рухун, духун пир тутуп, бир муштум болуп бириге турган мезгил келди. Бирикпесек,11 жылдан бери элдин тынчтыгын бузгандар жанталашып, өздөрүн сактап калуу үчүн, түрдүү ыплас оюндарды башташты. Ар кандай чындыкка дал келбеген сөздөр, жалаалар менен элди өзүнө бургусу келип жатат. Мамлекетчил, мекенчил, улутчул болуп, ар бирибиз мамлекетти сактап калууга, өзгөрүүгө кадам таштайлы! 10-январда болуп өткөн референдумда президенттик башкаруу системасын элибиз өзү тандап алган. Эми ошол тандоону мыйзамдаштырып, жоопкерчиликти бир адамга берип, талап кылуу үчүн президенттик башкаруунун ишке киришине шарт түзөлү.
Булак: “Майдан.kg” гезити