Кыргыз тарап да, өзбек тарап да компромисстерге бармайынча чек аралардагы талаш жерлердин маселелери эч качан чечилбейт. Эгерде биздин жетекчилик прагматикалык акыл-эстүү компромисстердин негизинде чек ара маселелерин чечип, ал жерлерге чектеш жашагандардын түйшүктөрүн жеңилдетише турган болсо, биз аларды кош колдоп колдошубуз гана керек. Биздин оюбузча, талаш участокторду делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жетекчиси, Улуттук  мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев кошуна республикалар менен чек ара маселелерин чечүү боюнча мына ошондой рационалдуу прагматикалык өңүттө иш жүргүзүүдө.

К.Ташиевдин адам атпайда сейрек кездешүүчү мекенчил, ата журттун кызыкчылыгы үчүн өмүрүн да тобокелге салгандан кайра тартпай турган көк жал адам экендигин Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнундагы кандуу окуялардагы иштеринен жакшы билебиз. Ал өз өмүрүн тобокелге салып, айрым жерлерде ок атышкан тараптарды элдештирүү аркылуу нечендеген өмүрлөрдү сактап калган.

Камчыбек Ташиев Чек ара кызматын колго алып, ишке киришкен соң Өзбекстан менен талаш участоктордун дээрлик баардыгын чечти. Мурда Өзбекстанга өтүп кеткен стратегиялык аябагандай чоң мааниси бар Унгар-Тоону, Жалал-Абад менен Наманган облустарынын ортосундагы жалпы аянты 8 миң гектарлык Гава-Сай участогун да кайрып алды. Мурда Ислам Каримовдун тушунда Кемпир-Абад суу сактагычындагы 5 миң 735 гектардын баардыгына Өзбекстан ээлик кыла тургандыгын билдирип, сүйлөшүүлөрдө так кесе мүнөздө аны талап кылып келсе, эми анын 1 миң 300 гектары Кыргызстанга өттү. Ал эми Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы Өзбекстанга берилген 50 гектар жер үчүн Араван, Кадамжай, Аксы райондору жалпы аянты 52 гектар жер алды.

Эл аралык мамилелерде мындай чек араларга чектешкен айрым жер участокторун алмашуу  мурдатан келаткан көрүнүш. Алсак, Казакстан менен Өзбекстан Ташкент, Чимкент облустары чектешкен аймактан бир райондун жарымына жакын участокту алмаштырып алышкандыгын жакшы билебиз. Бирок, андай алмашуулар болгондо ошол жерде жашагандардын айрымдары нааразы болушу да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагылар Кемпир-Абад суу сактагычынын сол жээгинен 50 гектар жер алмашылгандыгына нааразы болушуп, төрт үй тигип, Кыргызстандын желектерин илип, жетекчиликтин келишин талап кылышкандан улам 19-апрелде Камчыбек Ташиев барып жолугуп, ал маселени жөнгө салгандыгына күбө болдук.

Биз ал участоктун жер шартын так билбегендиктен улам жергиликтүүлөрдүн айрымдарынын неге нааразы болушкандары жөнүндө так бир нерсе дей албайбыз. Бирок, жалпы мамлекеттин, элдин кызыкчылыктарына келгенде биз - өзүбүздү Кыргызстандын жараны деп эсептегендердин баардыгы, өздүк айрым кызыкчылыктарыбыздан баш тартууга милдеттүүбүз. Анткени, конкреттүү бир участоктон жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары жогору турат.

Жер участокторун алмашууларда баардыгы эле бир тарапка пайдалуу болот, экинчи тарап уступкага гана барып турушу керек деп аңкоо гана ойлошу мүмкүн. Бир участоктон Кыргызстан утса, логикага ылайык, экинчи участоктон Өзбекстан утушу керек. Биз алардан гана уступканы талап кылып, өзүбүз компромисске барбай тура берсек, эч кандай талаш маселе чечилбейт. Чын-чынына келгенде бизден кошуналардын эч кимиси коркпойт деле. Эки тараптуу уступкалардын жалпы жыйынтыгы теңдеш чыкса, ал сөзсүз ийгиликтүү деп эсептелет. Ал эми Өзбекстан менен болгон чек ара маселелерин чечүүдө Кыргызстандын жалпысынан утушка ээ болгондугу ачык эле көрүнүп турат. Анткени, бизге жалпысынан 10 миң гектардан ашыгыраак жер участоктору өттү. Ал эми Кыргызстан Өзбекстанга бергендер анын жарымына да жеткен жок.

Бул өңүттөн алганда, Камчыбек Кыдыршаевич өз милдетин эң мыкты аткарды. Ага ыраазылыгыбызды айтып, Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүүдө да ушундай жигер кайратта болуусун каалашыбыз керек.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити