Жашырганда эмне, бизде акыл-эс, логика менен жүргүзүлгөн кадрдык саясат жок. Бизде жетекчилердин ишиндеги жетишкендиктерине, жараткан натыйжаларына карап чечим чыгаруу дегеле болбой койду. Эгерде тигил же бул жетекчинин орду кимдир бирөөлөргө, же башкача айтканда, “свойлорго” керек болсо, анын жакшы иштеп жаткандыгы таптакыр эске алынбайт. Эч нерсесине карабай кызматтан алына берет. Ошол эле мезгилде ишин тарта албай жаткандарга тийишпейт. Анткени, ал өз адам.

Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин кызматтан алынышына байланыштуу да ушуну айтсак болот. Кесипкөй салыкчы катары өз милдетин эң жакшы аткарып келаткан. Өткөн жылдагы пандемиялык абалга карабай салыктарды жыйноонун планын ашыгы менен аткарып, өлкөнүн бюджетин толтурууда зор иштерди аткарууга жетишкен болчу. К.Абдалиевдин жетекчилиги менен 2021-жылдын 1-кварталындагы салыкты жыйноонун көлөмүн КР Салык кызматы 104 пайызга аткарды. Муну да эске алышпады. Ал эми Бажы кызматы быйылкы жылдын 1-кварталынын планын араң 86 пайызга аткарды. Логика каякта? Эмнеге жакшы иштеп жаткандарды кетирип, ишин тарта албай жаткандарга тийишпейт? Кадрдык саясаттагы “жаман да болсо өзүбүздүкү…”- деген принциптен качан арылабыз? Качан жакшы иштеп жаткандарды баалап, аларды элдин, өлкөнүн кызыкчылыгында иштетүүгө үйрөнөбүз? Өлкөбүздүн өнүкпөй жаткандыгынын бирден бир себеби да ушул экендиги талашсыз. Эми жаңы келген төрага Салык кызматынын ишин тартып кете алабы? Пландардын аткарылуусу үзгүлтүккө учурабайбы?

Булак: "Майдан. kg" гезити