Президенттин 2010-жылдын июнундагы кандуу окуялардын материалдарын кайра кароо тууралуу тапшырмасы жөнүндө

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдын июнундагы Ош, Жалал-Абад облустарындагы кандуу окуялардын материалдарын кайра карап чыгуу жөнүндө УКМКнын жетекчилигине тапшырма бергенден кийин “временшиктердин” жетекчиси, андан кийин 1,5 жыл президент болгон Роза Отунбаеванын тынчы кетип, ЖМКларга азыркы бийликти тымызындан опузалап, атүгүл шантажга окшогон  билдирүүлөрүн жасай баштады.

2010-жылдын июнундагы өлкөбүздү эң оор кесепеттерге дуушар кылган  кандуу кагылышууларга толугу менен, ал эми 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги трагедиялуу   окуяларга жарым-жартылай Роза  Отунбаева жетектеген топ жооп беришери биз үчүн шектенүүнү жаратпайт. Ал күндөрдөгү ички иштер кызматкерлерин өлтүрүп, куралдарын тартып алып, ар кимдерди аткылагандардын эч кимиси убагында жоопкерчиликке тартылган эмес. Бирок, ал кылмыштар унутулбайт, “временшиктердин” баары чоң саясаттан, бийликтен биротоло кеткенден кийин кайра козголуп, кийинки муундар виртуалдык болсо да өз баасын беришери мыйзам ченемдүү көрүнүш. Аксы окуясында 6 адам өлүп, жыйырмага жакын адам жарадар болгондугу үчүн ошол убакта жогорку кызматтарда тургандардан онго жакыны отставкага кетирилген. 2010-жылдын июнундагы кандуу кагылышууларда 470 адам өлүп, 2 миңге жакын адам жарадар болуп, 2 миңден ашык үйлөр жана коомдук жайлар өрттөлүп, мамлекетке 11 миллиард сомдук зыян келтирилип, өлкө экономикалык, социалдык жактан 7-8 жылга артка ыргытылгандыгы үчүн ким керт башы менен жооп берди?

Элибизге Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки эң оор  трагедияга дуушар кылган “временшиктердин” эч кимиси жооп беришпеди, убагында бири да отставкага кетишпеди. Тескерисинче, бизди калмактардын баскынынан куткаргандан бетер эле “революция жасаганбыз, кыйратканбыз”- деп эле көкүрөктөрүн ургулап мактанып келатышат. Ал революциянын үзүрүн кимдер көрдү? Албетте, “веременшиктер”. Алар 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги, июнундагы трагедиялардын аркасы менен  өздөрүнүн  каржылык, материалдык маселелерин чечип алышты, “мародергейтке” аралашкандары жөн эле жыргашты, айрымдары азыр деле ошондо топтогондорунун эсебинен чардап жүрүшөт. Ал эми адалсынган ажо апчебиз кымбат баалуу батири үчүн алган чоң суммадагы кредитин “Ысык-Көл инвест банк” менен кошо жаап, артын тазалап салды. Күч органдарына кураторлук кылгандар банктардын ячейкаларындагы алтындарга кошо миллиондогон долларларды сол чөнтөктөрүнө солоп кетишкендерин элдин бардыгы билет. Анан кыргызстандыктар башка планетадан келишкенден бетер Кедейканша баштагандардын элди ойроттордун эзүүсүнөн куткаргандан бетер көкүрөктөрүн ургулап, сары чака тыйынга да кол тийгизбегенден бетер адалсынып, жөн эле коммунизмди алып келгендей мактанып жатышкандары элдин кыжырын гана келтирүүдө. Же кыргызстандыктар Бакиевдер кеткенден кийин эле жыргап кетишти беле? Жок! Убактылуу өкмөткө келгендер, алардын айланасындагылар жыргашкан менен элдин абалы мурдагыдан да начарлап, алиге чейин 2010-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктарындай экономикалык өсүшкө чыга албай жатканыбыз жалганбы? Кыргызстан 2010-жылдын 1-кварталын 16,4 пайыздык өсүш менен жыйынтыктаган. Ишенбесеңер ошол убактагы статмаалыматтарды карагыла. Эгерде экономикалык өсүштөгү ошол темп ушул убакка чейин сакталса,  биздин абалыбыз азыркыдан 4-5 эсе жакшы болмок. Ошон үчүн биз далайлардын жаздыктарын кууратып, өлкөбүздү биротоло кризиске батырган аты өчкүр “временшиктерге” ыраазы болушубуз керекпи? Өнүгүүнүн жолунан чыгарып, Кыргызстанды биротоло болтай-шалтай дегидей абалга киргизип, алардан чыккан сөйрүктүн сырткы карызыбызды 2 эсе көбөйтүп салганы үчүнбү?

Р.Отунбаева Super.tv  порталына берген интервьюсунда “кара жашикти ачышпасын, бизде  да айтылбаган көп сөздөр бар, алар ачыкка чыгарылса жаман болот” дегендей мааниде азыркы бийликтегилерди опузалап кетиптир. “Временшиктердин” атаманшасы ушул убакка чейин ачыкка чыгарбай, сандыктагы сары майдай сактап келаткан ал кандай сөздөр болду экен? Алардын С.Жапаров менен К.Ташиевге кандай тиешеси бар? 

Легендарлуу парламенттин экс-спикери, чыгаан саясат таануучу Медеткан Шеримкулов  2010-жылдын 7-апрелинде эч кандай бийик максаты, планы жок, кадимки кансарайлык төңкөрүш, бийликти күч менен басып алуу болгон деп келет. Ал бул пикирин экс-спикерлердин Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусунда да кайталаган. Анын ачуу сөздөрү гезиттерге жарыяланган. Эгерде ал чын болсо, анда “временшиктерди” кылмышкерлер катары жоопкерчиликке тартуу керек. Бийликти күч менен басып алуу, бийлик өкүлдөрүнө каршы ок атуу эч качан эскирбейт. Чындыгында эле Роза айым куралдаштары менен мыйзам алдында жооп бере тургандыгына көзү жетип, чый-пыйы чыгып, “жатып өлгүчө, атып өл, эң жакшы коргонуу – чабуул”- деген принципте азыркы бийликтегилерге атырылып жатпасын? Ал канчалык долуланбасын, 2010-жылдагы кандуу окуяларга саясый жактан гана эмес, укуктук жактан да калыс, адилет баа берилип, андай кыргынга жол бергендердин ысымдары тарыхтын кара тизмесине түбөлүккө киргизилиши  керек. Кандуу окуяларда Убактылуу өкмөттүн күнөөсү бар экендиги Кильюнендин комиссиясынын жыйынтыгында так көрсөтүлгөн. Ошон үчүн ал кылмыштардын башында тургандардын бири - Алмаз Атамбаев Кильюненди экинчи Кыргызстанга киргизбей койгон.

Ток этерин айтканда, Роза айым, чычалабаңыз, качпаңыз, шайкаңыз менен жазыксыз төгүлгөн кандар, өрттөлүп, кыйратылгандар, тонолгондор үчүн жооп бергенге мезгил жетти!

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити