Бүгүнкү күнү коррупция менен  күрѳшүү башкача жүрүүдѳ. Ѳлкѳ бюджетинен уурдап, мыйзамсыз байыгандар мамлекетке келтирген зыяндардын ордуларын толтурушууда. Буга чейин бир катар аракеттеги жана мурдагы аткаминерлер мамлекеттен уурдагандарын кайтарып беришкен.

Бул ирет ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев ѳз каалоосу менен акчалай жана кыймылсыз мүлк түрүндѳ ѳлкѳ бюджетине 1 млрд. сомду кайтарып берип, үй камагына чыгарылды. Ал УКМК тарабынан кармалып, ага билим берүү жаатындагы ишмердик үчүн лицензияны мыйзамсыз алган деген айып тагылган.

К.Жумалиев уурдагандарын “кускан” акыркы аткаминер эмес. Мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен байып, жоопкерчиликтен качып жүрүшкѳн чиновниктер жетишерлик. УКМКнын укуругу аларга да жетиши керек. Дээрлик 30 жылдын ичинде мамлекет менен ѳзүнүн капчыгын алмаштырып алгандар да толтура. Аларга окшогондордун баарын “кустуруп”, элдин, ѳлкѳнүн ырыскысын уурдагандар мыйзам чегинде жазаларды алышы кажет. Коррупция менен чындап күрѳшүүнү эртеби, кечпи бирѳѳ колго алышы керек эле. Бүгүн УКМК тѳрагасы Камчыбеке Ташиев андай вазийпаны ѳз колуна алып, коррупционерлерге аёосуз күрѳш жарыялады. Анын натыйжалары жаман эмес. Камчыбек мырзанын бул жааттагы иш-аракеттерине ийгиликтерди гана каалайбыз. Ууру, коррупционерлердин маңдайына чыккан чыйкан болуп, мыйзам чегинде сазайларын берсин!