Жогорку Кеңештин 2-чакырылышынын Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков менен маек.

-Чек ара маселесин тактоо өлкөлөр үчүн эмнеге маанилүү жана отуз жылдан бери ушул маселе менен жашап, бирок чече албай келгенибиздин себеби эмнеде?

-Мамлекеттин чеги так аныкталышы керек, бул аксиома. Чек арасы жок мамлекет мамлекет болуп эсептелбейт, анткени мамлекеттин юрисдикциясы мамлекеттик чек ара менен аныкталган аймакка жайылтылат. Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын жыйынында Зайнидин Курманов: “Бизде аймак жок, Кытай менен чек арабыз гана бар. Башка мамлекеттер менен чек арабыз жок, демек, Кыргызстандын аймагы да жок”, - деп так айткан. Ошондуктан,  Кыргызстандын көз карандысыз жана эгемен өлкө катары макамы чектешкен мамлекеттер менен чек араларды делимитация жана демаркацилоо маселесинин чечилишине байланыштуу болот.

Учурда Кыргызстандын  чектешкен айрым өлкөлөр менен так аныкталган чек арасы жок. Мисалы, эгер кыргыз-тажик чек арасындагы болжол менен 970 километр аймактын 519 километри гана демаркацияланган болсо, анда кандай юрисдикция, кандай эгемендүүлүк жөнүндө кеп болууга тийиш? Болгону такталган 451 км үчүнбү? Ошондуктан, мамлекеттер аралык чек ара маселеси – бул мамлекеттин бүтүндүгүнүн маселеси.

Бүгүнкү күндө чек аралар Борбор Азиядагы эң чоң талаш-тартыштын очогуна айланды. Советтер Союзунан беш өлкө чиеленишкен чек араларын мурастап алышты. Ага карабай чек араларды делимитациялоо 2002-жылы башталган, ушул убакка чейин соңуна чыга элек, анткени бул бир тараптуу эмес иш. Эки тарап тең бирдиктүү макулдашууга жетишкенде аяктайт. А бул оңой-олтоң ишке ашчу нерсе эмес. Анын үстүнө ар бир тараптын өзүнүн чындыгы бар, буга мамлекеттер аралык чек араларды аныктоо боюнча 30 жылдык оор териштирүүлөр далил. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө Тажикстандын мурдагы министри Хамрохон Зарифи кескин, ачуулуу реакция кылганы аймакка тиешелүү иште жада калса дипломаттар да адептүүлүктү унутуп коерун көрсөттү. А бирок кыргыз тарап жөнөкөй жана акылдуу вариантты сунуштаган болчу.

-Анклавдар маселесин чечүүдө Камчыбек Ташиевдин сунуштаган  аймактарды алмаштыруу варианты тажик тараптан колдоо тапкан жок, эмнеге?

-Анклав деген эмне? Бул мамлекеттин төрт тарабынан башка өлкөнүн аймагы менен курчалып турган бөлүгү. Анклавдарды сактоо – бул татаал маселерди чечпей сактоо болуп калат, анткени анклавдын жашоочуларынын өз өлкөсү менен болгон байланышын камсыздап берүү керек. Белгилүү болгондой, ушул нерсе өлкөлөр арасындагы чыңалган мамилелерди, түгөнбөгөн талаш-тартыш жана конфликттерди жаратып келет. Ага Сохту мисал кылсак болот. Дүйнөлүк практикада мындай абалда маселени чечүүнүн эң бир жайылтылган ыкмасы катары аймактарды алмаштыруу колдонулуп келет. Ошондуктан, мага Тажикстандын мурдагы дипломатынын кескин реакциясы такыр түшүнүксүз. Ал талашты чечүүгө өзүнүн альтертанивдүү вариантын сунуштоонун ордуна биздин өлкөнүн өкүлүнүн өздүгүнө асылды. Камчыбек Ташиевдин салмактуу жообунан улам  кыргыз делегациясынын татаал маселеге конструктивдүү мамиле жасап жатканы белгилүү болду жана бул оң жыйынтык берээрине үмүт арттырат.

-Учурдагы бийликтин чек ара маселесине толук чекит коюуга саясий эрки жетеби? Бул маселедеги айрым чечимдер эмитеден эле элдин нааразычылыгы жаралууда.

-Мурдагы президенттерге салыштырмалуу Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев ишмердүүлүгүн чек араны демаркациялоо маселесин чечүү менен баштаганы кандайдыр бир оптимизмди жаратат.

Албетте, баары тегиз кетпейт. Чек араны демаркациялоо боюнча айрым чечимдерди баары эле колдоого алышпайт, баары эле жактыра беришпейт. Бул боло турчу нерсе. Чек ара маселеси эң татаал категорияга кирет. Демаркация маселеси  тараптар бирин бири түшүнүп, бири бирине жол бошоткондо гана чечилиши мүмкүн. А бул оңой эмес жана чечим кабыл алган адам үчүн опурталдуу. Жол бошотуу болгон жерде сөзсүз ар кандай кесепеттерди артынган нааразычылыктар жаралат. Ар кандай имиш кептер да айтылаары турган иш.

Кыязы, мына ошондуктан Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Бирлик айылынын тургундары менен жолугушууда: “Мен дагы, президент Садыр Жапаров дагы кийин бизди кыргыз жерин саткан адамдар катары сөөмөйү менен көрсөтүшүн каалабайбыз”, - деп жөн жеринен айтпаса керек. Мындан улам Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Казакстан менен чектешкен аймагына байланыштуу маселени чечкен учур аргасыз эске түшөт. Эки тараптык компромисстин жыйынтыгында, талаштуу аймак болгон Каркыра жайлоосунда жер алмашылды.  Анын жыйынтыгында, кыргыз тарап өз аймагын 511,6 гектарга көбөйттү. Казакстан менен чек араны демаркациялоо 1241,58 кмде аяктады. Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялады, ага төрага катары Адахан Мадумаров кол койду. Бул кубана турган жагдай болчу. Бирок Каркыра боюнча маселе ушул убакка чейин саясий кампаниялардын атаандаштыгы күчөгөн учурда Мадумаровго каршы пайдаланылчу  көзүргө айланды. Ошондуктан, мен учурдагы бийликке ишти аягына чейин чыгарууда чечкиндүүлүк каалайм. Анткени,  буга чейинки мамлекет башчылары ар кандай кесепеттерден чоочулап, ар кандай шылтоолор менен чек ара маселелерин кийинкиге калтырып келишкен.

-Демек, мындан ары да создуктурууга болбойт экен да?..

-Мен учурдагы бийликтин айрым чечимдери жана кадамдарына макул эмесмин. Бирок чек араларды демаркациялоого байланышкан маселелерди  толук чечүүгө умтулуп жатышканын  колдойм. Бүгүн канча жылдан бери талаш жаратып келаткан бул маселени чечүүдө бийликти колдой турган учур. Жакында маалымат каражаттарынын биринен Мамлекеттик чек ара кызматынын чек араларды коргоо Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Назирбек Бөрүбаевдин маегин окуп калдым. Ал: “Бүгүнкү күндө Тажикстан менен чек аранын 60 пайызы аныкталды, шахмат тартибинде орнотулгандай болгон эң татаал аймактар калды.  Биздин жарандардын кээ бири Тажикстандын аймагында жашайт, а алардын жарандары биздин аймакта жашаган жагдайда турабыз. Эл бири бири менен карым-катнаш кылышат. Мындай учурда чек араны тактоо жөнөкөй маселе эмес ”, - деп айтыптыр. Туура, маселени чечүүдө мамлекет кандайдыр бир деңгээлде жабыркап калган жарандарды колдоого алышы керек, алардын материалдык чыгымдарын толугу менен көтөрүп, жаңы үй куруп алганга чейин жардам бериши керек.

-Президенттин Өзбекстанга болгон иш сапары чек ара маселесин чечүүгө болгон аракеттендин жанданышына себеп болдубу?

-Дагы чоң оптимизмди  кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын сүйлөшүүлөрү чакырат. Ага Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары чыйыр салып берди. Анда эки мамлекеттин башчылары өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү боюнча макулдашышты. Бул албетте,  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин жакшы ниетинин артынан болду. Анын биз менен коңшу катары жылуу мамилени калыптандырууга жасаган аракетин байкабай коюу мумкун эмес. Кыргыз делегациясынын  мындай жагымдуу кырдаалды максималдуу пайдаланууга жана биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого аракеттенгени абдан колдоого алаарлык. ММКлардагы маалыматтардан улам кыргыз делегациясы көп жактан ийгиликке жетишкени белгилүү болду.

-Бирок Чечме булагы боюнча жергиликтүү эл башка версияны айтып жатышат...

- Жергиликтүү элдин айрым нааразычылыктары жогоруда  айтканымдай, күтүлгөн эле нерсе эле. Айрыкча, Чечме булагына байланыштуу нааразычылыктар болуп жатат. Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө караганда, булак кыргыз жана өзбек айылдарынын ортолук пайдалануусунда болот. Чечме айылынын тургундары келишимге карабай өзбек тарап аскерлерин киргизип, булактын аймагын курчап алат деп кооптонушууда. Биздикилер “андай болбойт”, - деп кепилдик берип жатышат. Бирок түбөлүктүү эч нерсе жок. Өлкөлөр ортосундагы мамиле – бул көптөгөн факторлордон - анын ичинде субъективдүүлөрү да бар-  көз каранды болгон татаал процесс. Ооба, бүгүн эки өлкө бийлиги тил табыша алышты, андыктан алардын тушунда булакты пайдаланууда чыр чыкпашы мүмкүн. Бирок кийин бийлик алмашып, эки мамлекет башына башкалар келишкенде кандай болот? Ошондуктан, аталган аймакты делимитациялоо боюнча келишимге келүүдө бардык жагдайлар, учурдагы жана келечектеги кесепеттер эске алынышы керек. Мамлекеттик чек аралар такталып, атайын чек ара белгилери менен бекитилиши зарыл. Келечекте эч бир тарап ал аймакка аскерлерин киргизе албагыдай кылуу кажет. Бул жеңил эмес, бирок зарыл. Чыдамкай болуп, шашпай, чечүү жолдорун издөөнү улантуу керек. Ал эми Унгар-Тоо боюнча маалымат чек ара тоонун үстүнөн эмес, түз тараптан өтөөрү менен кубандырат.

-Кыргыз-тажик чек арасы боюнча да компромисске жетишибиз мүмкүнбү?

- Бул жерде такыр башка жагдай, тилекке каршы акыркы жылдары көнүмүш адатка айланды. Көптөгөн райондордо чек ара мурдагыдай эле так аныкталбагандыктан кыргыз-тажик айылдарынын тургундарынын ортосунда байма бай чыр-чатак чыгып турат. Акыркы он жылда андай чатактар бир топ  көбөйдү. 2019-жылдын июлунда С.Жээнбеков менен Э.Рахмондун жолугушуусу да чек ара маселесине эч кандай таасир бербеди.

Азыркы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев баштаган бийликтин колунан бул көп жылдык тамырлаган маселени чечүү келет, алар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин өлүк чекиттен жылдырат деп үмүт кылып туралы.