Шайлоодон кийин “саясий күчтөр” активдеши мүмкүн. Мындай пикирин саясат таануучу Марс Сариев билдирди. Анын айтымында, 11-апрелден кийин олуттуу саясий окуялар орун алышы толук мүмкүн. Митингдер, нааразылык акциялары, протесттер, дестабилдештирүү аракеттери ж.б.
“Геосаясий оюнчулардын өлкөдө болуп жаткан процесстерге ичи чыкпай, реванш алууну көздөп жатышат. Буга далил катары Венеция комиссиясы, Human Rights Watch, Европа биримдиги сыяктуу эл аралык уюмдардын эскертүүлөрүн мисал келтирсек болот. Өлкөнү дестабилдештирүүнүн сценарийи каралууда. КРдагы эксперттердин билдирүүлөрүнөн кийин тышкы оюнчулар сценарийди кайрадан карап чыгууга аргасыз болушту. Дестабилдештирүү сценарийин күзүндө ишке ашырышы ыктымал. Эл аралык донорлордон каржылоонун болбой жаткандыгы да буга далил. Алар акчаны жөн эле асманга чачкылары келбей жатат. Батыш өздөрүнүн адамдарын парламентте көргүлөрү келишет. Ошондуктан учурдагы бийлик менен күрөшүү парламенттик шайлоонун маалында күч алат. Атүгүл төңкөрүш жасоого да аракет болбой койбойт”, - дейт саясат таануучу.
Булак: “Майдан. kg” гезити