"Тажикстандын Хамрахон Зарифи аттуу аксакалы мамлекеттик чек араларга байланыштуу маселедеги мага болгон таарынычын жазыптыр. Мен ал тууралуу түшүндүрмө бере кетейин.

Мен эмне кылдым? Өкмөттүк делегациянын башчысы катары "Ворух" анклавын чечүү боюнча сунушумду кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичтин колуна эки тараптын делегациясынын катышуусунда карматтым. Андан башка коңшу өлкөнүн дарегине бир ооз да сөз айтпадым. 

Анда эмнеге Хамрахон аксакал өзүнүн маданиятсыздыгын көрсөтүп жаман кептерди айтып жатат, душмандык маанайга өтүп алыптыр, а балким менин мекенимдин кызыкчылыгына туура келбеген алардын сунушуна көнбөй койгонум үчүндүр? 

Кандай болсо да мен баарыңыздарды жакын кошунабыз менен жакшы мамиледе болууга, Тажикстан элин ар кандай провокацияга алдырбоого чакырам. Кудай буйруса, баары жакшы болот!

Мени каалаганыңарча шыбай бергиле, бирок менин Улуу Кыргыз Элиме тийбегиле!" - деп жазды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына.