"Революция деген кескин бурулуш деп эле которулат экен. А бизде -"революция болсо жакшы, а эгер переворот деген болсо анда жаман"- деген түшүнүк таркатылып келе жатат. Себеби, революция деш үчүн бийлик эле алмашпастан, артынан кардиналдуу, терең өзгөрүүлөр жүрүш керек экен. Ал деле туура, илимий жагынан.

А экинчи жагынан төңкөрүштү деле, переворотту деле кескин өзгөрүш десек болот да? Ошондуктан революция болсо позитив, болбосо негатив деп баш оорутунун кажети не?

Бул үч окуяда тең эл көтөрүлүп, жексур бийликти тактан кулатып, чоң балээден, убактылуу болсо да арылып, эркиндик, адилеттик үчүн күрөш жүрүп, адам адамдыгын сезип, бийликтин бутагы эл экенин иш жүзүндө көргөзүп атпайбы.

Анан кийин "максаттар аткарылбады, жеңиш уурдалды"- деген түшүнүк менен элдик көтөрүлүштөрдү негативдүү окуя, дворцовый переворот, путчтарга теңеп, басмырлап, унуткарып салганыбыз туура болобу? Менимче туура эмес.

Ошон үчүн "революция, революция эмес"- дегенден мурун Аксы окуясынан кийинки 24-март, 7-апрель, 6-октябрь окуяларын элдик көтөрүлүш деп таанып, айтып, билип майрамдап, эстеп жүрүшүбүз керек!

Ал эми, артынан асыл максаттар ишке ашпай, жеңиштер уурдалганы ал жалпы баарыбыздын катачылыгыбыз, начарлыгыбыз.

Анан ошо биздин көр пендечилигибиз ошо легендарлуу күндөрдө элим жерим деп эңгиреп чыккан көтөрүлүшчү жердештерибиздин эркиндик үчүн жасаган эрдигин булгай да, унуткара да албайт!

Андыктан, - элдик көтөрүлүш күнүңөр менен урматтуу кыргыз элим!" - деп жазды Сабыр Муканбетов соцтармактагы баракчасына.