"Мыйзам чыгаруучулар тарабынан кабыл алынып бирок окулбаган мыйзам боюнча жашоону каалабайт чыгаарсыз? Бирок жарандар деле референдумда депутаттар сыяктуу эле Конституцияны кабыл алышаарын 2010-жылы, андан кийин 2016-жылдагы өзгөртүүдө көрбөдүкпү? Кимдир бирөөлөр ага чейин, Бакиев менен Акаев өз мыйзамдарын таңуулаганда да референдумдарга катышкан да? Анан да кимдир бирөө 11-апрелге чейин Конституциянын долбоорун окубай туруп тандоо жасап салат эмеспи?

Көчөдө өтүп бараткандардан, үйүңүздөгүлөрдөн же жумуштагылардан сураңыз, учурдагы Конституцияны башынан аягына чейин окуду бекен? Сиз андайларды аз табабыз. Мүмкүн кесибинен, жумушунан, окуусунан же башка кырдаалдардан улам эле окуп чыгууга мажбур болгондур. Бирок басымдуу көпчүлүк аны окушкан эмес.

Ошондуктан, Конституцияны кабыл алууга каршы үгүттөө жыйынтык бербейт. Бийлик баары бир өзүнүкүн өткөрөт. Маселе башкада, бул Конституция президентке тактыда узакка отурууга жардам береби?" - деп жазды депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына.