Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште Конституция боюнча референдумду 11-апрелге белгилөө боюнча мыйзам долбоору 2-3-окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоорго кайсы депутат "каршы", кимдер "макул" болду?
94 депутат "макул" деген кнопканы басышкан. Болгону 6 депутат каршы чыгышты. Алар: Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Бакыт Жетигенов, Чынара Урумкалиева.
Ал эми 19 депутат жыйынга келишкен жок. Алар: Алиярбек Абжалиев, Мыктыбек Абдылдаев, Жаныбек Бакчиев, Мирлан Жээнчороев, Кубанычбек Жумалиев, Асылбек Жээнбеков, Каныбек Иманалиев, Канат Исаев, Ирина Карамушкина, Аида Касымалиева, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Айсулуу Мамашова, Жылдыз Мусабекова, Абдывахап Нурбаев, Евгения Строкова, Өмүрбек Текебаев, Эмиль Токтошев, Максатбек Эгембердиев.
Булардын экөөсүнүн жыйынга келбегендеги себеби белгилүү: А.Абжалиев өлкөдөн чыгып кеткен (кылмыш иши козголгонуна байланыштуу), К.Жумалиев УКМКнын тергөө абагында.