10-мартта Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланып жаткан учурда, ага каршы чыккан депутаттарга Умбөталы Кыдыралиев нааразы болду.
"Ишин баштай элек кишиге сайылып, "бийликти узурпациялап алды" деп жатасыңар. Ушундай да болмок беле? Этика деген болуш керек да. Же силер баарын алдын ала көрүп жатасыңарбы?!" - деди.
Ага жооп катары депутат Дастан Бекешев карапайым элдин жашоосу кыйындап жатканда Конституцияны талкуулаган эл өкүлдөрүн сынга алды.
"Мен бир нерсени айтып коеюн. Бул жерде отургандардын көбү бай адамдар. Парламент - бул бизнес-клуб блуп калды. Балким, силер кайсы бир маселелеңерди чечип жатасыңар, өзүңөрдүн же үй-бүлөңөрдүн бизнеси бар. Ушул убакта эл эмне болуп жатканын билип турасыңарбы?! Биз Конституцияны талкуулап жатканда айрым жарандар тамак-ашка акча таба албай калышты. Баа өсүп жатат, бензин, тамак-аш кымбаттады. Эмнеге президент аны менен алектенбейт?! Элде болбоду дегенде азык-түлүккө акча жок, анан кайдагы Конституция?! А силер өзүңөр каалаган үчүн эмес, силерден абдан суранганы үчүн Конституцияны талкуулап отурасыңар. Муну кылбасаңар эртең эмне болооруңарды жакшы билесиңер, биринчи камакка алынды, эртең экинчи, үчүнчү камалышы мүмкүн. Бирөөңөрдүн балаңар кызматтан айдалышы мүмкүн. Силер эртең колуңарга акча тиерин жакшы билесиңер. А элде тамакка акча жок. Элдин азыр Конституциябы, ханституциябы чатагы да жок. Аны жакшы билесиңер, бирок билмексин түр көрсөтүп "один про Ивана, другой про болвана" болуп талкуулап жатасыңар! Муну баарыбыз жакшы түшүнүп турабыз, бул жерде көзү ачыктын да кереги жок", - деди Дастан Бекешев.