"Сталиндин учуру болгондо ушундай кылмыш иштери үчүн ар бир депутат Ак үйдүн алдына чыгарылып, бирден атылмак. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жаштардын, биздин балдарыбыздын келечегине балта чабышты. Депутаттар элден уялбай, эртеңки жоопкерчиликтен коркпой кылмышка барышууда. Ар бир депутатка "бийликти узурпациялап алуу" деген берене "ыйлап" жатат. Бул берененин мөөнөтү жок, бир жылбы, он жылдан кийинки баары мыйзам алдында жооп беришет", - деди Жеңиш Молдакматов. 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясы коомдук талкууга коюлбай туруп, референдумду өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алып беришкен.