Элге күндөлүк керектелчү эт, сүт, сүт азыктары, өсүмдүк майы, дан азыктары сыяктуу азык-түлүктөрдүн баары күн санап кымбаттоодо. Нефти продуктуларынын дүйнөлүк баалары эселеп арзандаганда Кыргызстандагы күйүүчү майлардын баалары 10-15 пайызга араң төмөндөсө, дүйнөлүк баа бир аз жогорулаганда бензин, солярка 30-40 пайызга кымбаттады. Эксперттердин болжолдоруна ылайык, жыл аягына чейин бензиндин литри 1 долларга же 75-80 сомго жетиши толук мүмкүн экен. Жаңы жылдан кийин “Газпром”  улуттук валютанын курсунун төмөндөгөндүгүнө шылтоолоп,  газдын баасын да жогорулатты. Алдыда айдап-себүү өнөктүгү турат, мамлекеттик резервде жылдагыдай  солярканын кору жок, эгерде анын баасы асмандап кетсе, талаачылыктагы абал кандай болот, аны бир кудайдын өзү билет. Экономика артка кетүүдө, инвестиция келбей калды. Же бир сөз менен айтканда, элдин абалы кай жагыңды караба, мамайдын көрү дегендей  болуп бараткансыйт.

Мындай кризистик көрүнүштөрдүн тереңдөөсүнө пандемияга кошо өткөн жылдын октябрындагы окуялар да себеп болгондугу талашсыз. Бул биздин гана пикирибиз, эч кимге таңуулабайбыз, өткөн жылдын октябрындагы башаламандыктар Кыргызстанды реалдуу жана потенциалдуу инвесторлордун дээрлик бардыгынын ишениминен биротоло чыгарды. Азыр бир катар чет элдик компаниялар кошумча ивестицияларды салмак түгүл,  өндүрүштөрүн акырындап азайтып, нак акчаларын сырт жактарга которуп, ишканаларын сатканга же башка жактарга чыгарып кеткенге даярдап жатышкандары эч кимге деле жашыруун эмес.

Мына ушундай кырдаалда айрым күчтөрдүн экс-президент Сооронбай  Жээнбековго жана анын айланасындагыларга каршы кара пиарды күчөтө башташканы элдин кыжырын гана келтирүүдө. Ооба, ал идеалдуу жетекчи болбоду, бийлигин сактап калуу үчүн да ал аягына чейин күрөшпөдү. А.Масалиевге окшоп ал “мага баарынан элдин тынчтыгы, биримдиги кымбат” деп бийлигин   өтө кыйылбай эле өткөрүп берди. Эми логикага ылайык, азыркы бийликтегилер туш тараптан ширидей кысып келаткан кризистик көрүнүштөр үчүн аны айыптап, күнөөлөбөстөн жоопкерчиликти толук өздөрүнө алып, өздөрү жооп берүүлөрү керек.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков  алынын, даярдыгынын жетишинче таза эле иштеди, экономиканы турукташтырды, жакынкы, алыскы өлкөлөр менен иштиктүү мамилелерди түздү, калыптандырды. Коррупцияга каршы чыныгы күрөштү баштады, бирок бир гана  Райым миллионго алы жетпегендиги да чындык. Бирок ыгы келгенде айтпасак болбойт, ага жана  Камчы Көлбаевге азыркылардын деле күчтөрү жетпей жатышат. Мындай учурда эски жаман адатты баштап, экс-президентке каршы кара пиарды күчөткөн бир жагынан адамкерчиликке да сыйышпаса, экинчи саясый жагынан да өтө ыңгайсыз, олдоксон көрүнүүдө.

Саясатта, анын этикасында илгертен келаткан жазылбаган мыйзам бар. Эгерде мамлекет башчысы эч кандай чектен чыккан, канга булганбаган  көрүнүштөрсүз кийинкилерге ыктыяры менен бийлигин өткөрүп берсе, ал анча-мынча күнөөсү, жазыгы болсо да жазаланбайт, куугунтукталбайт.  Анын классикалык мисалы катары В.Путиндин Б.Ельцинге жасаган мамилесин көрсөтсө болот. Б.Ельциндин орус элине, Россияга жасаган кыянаттыктары, эл аралык мамилелердеги шермендечиликтери  абдан эле көп, бирок В.Путин анын  президент болуп тургандагы каталарын, жаңылыштыктарын  чукулаганга, тергеп тескегенге да жол бербеди, өзү да анын дарегине бир ооз жаман сөз айтпады.

Бизде да С.Жээнбековдон  бийликти алгандар анын кемчиликтерин, аркасын чукулабастан бардык күчтөрүн учурдагы, келечектеги милдеттерди чечкенге, элдин турмушун жакшыртканга багыттоолору, жумшоолору керек. Өткөндү сындагандан оңой нерсе жок, ага акылдын деле кереги жок, бирок учурдагы экономикалык, социалдык милдеттерди чечүү аябагандай эле кыйын. Эгерде мурдагылардын аркаларын чукулап, жаманатты кылуу салт болуп калса, анда келме-кезек, терме тезек азыр  өздөрүн алладан кийинкилердей, түбөлүктүү түшпөс хандардай сезип  отургандарга да кезек келет. Тилекке каршы, азыркыларга коё турган айыптоолор аябагандай эле көп. Жогорку Кеңештин алты жыл иштегени жатканын, Башмыйзамдын айланасындагы жаңжалдарды, кадрларды тандап, жайгаштыруудагы башаламандыктарды, экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү оор абалды алты жыл айтып, жазып, иликтеп, тергеп тескеп да аягына чыгарганга болбойт.

Ошондуктан азыркылар өздөрүнүн эртеңине ор казып, мина койбоолору  керек.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити