"Өлкөбүздүн бардык тармагын уурулук басканын тана албайбыз. Уурулук каныбызга сиңип, эми ууруларды кээ бирлер коргой да башташты. Себеби, алар ошол уурулардан "устукан" алып жүрүп, үйлүү, машиналуу болгондор. Мындай көрүнүш өлкөнү коркунучка алып бараарына кумөн жок. Ушунун баарына эгемен алгандан бери уурулук менен алектенгендер, ага шарт түзүп бергендер күнөөлүү. "Мен тазамын", - деп көкүрөк койгулаган саясатчылар ушуга жеткирди. Мамлекетибиздин өнүкпөй жатканына Конституция күнөөлүү эмес, эки жүздүү ажолор, аларга кошулуп бакылдаган учурдагы саясатчылар айыптуу. Кандай Конституция болсо деле, мыйзам үстөмдүгү болбосо, уурулук күчөй берет", - дейт укук коргоочу Качкынбек Булатов Конституциянын жаңы долбоору боюнча пикирин билдирип жатып.