Азыр УКМКнын тѳрагасы Камчыбек Ташиевге каршы жазылган кайрылуу фейк болсо, эртең эле андай кайрылуулардын чындап болушун сөзсүз күтсө болот. Эмне үчүн?

Учурда Кыргызстанда Камчыбек Ташиевден душманы көп адам жок. Ал коррупцияга, шалаакылыкка, жоопкерсиздикке каршы күрөштү аябай катуу баштады, акчасынын, байланыштарынын аркасы менен ондогон жылдардан бери мыйзам кылтагына илинбей, чардап келаткандарды чекесинен карматып, убактылуу кармоочу жайларга киргизүүдө. Буга чейин аларды “крышалап” жүргөндөр башка мамлекеттик, укук коргоо органдарындай эле УКМКнын өзүндө да жетишерлик экендигинен, Камчыбек Кыдыршаевичтин чечкиндүү аракеттери алардын жашыруун кызыкчылыктарына да ачыктан ачык каршы келип жаткандыгын ким деле болсо түшүнүп турат. Эгерде жогоруда айтылгандай арыз чын болсо, аны президент Садыр Жапаров да түшүнөт деп ойлойм. Ал түшүнүүгө милдеттүү, анткени азыр коррупциянын, аракеттеги бийликтин гана эмес, элдин да эртеңи, келечеги чечилип жатат.

УКМКнын жетекчиси, көк жалдыгы менен айырмаланган Камчыбек Кыдыршаевич арам акчалар менен байыгандардын бардыгын өзүнө душман кылып, өз өмүрүн тобокелге салып мына ошол максатты ишке ашыруу үчүн иштеп жатат. Бул өңүттөн алганда, анын үстүнөн арыз жазгандар гана эмес, башка жолдор менен аны УКМКадан кетирүүгө аракеттенгендер бар экенин да жокко чыгарууга болбойт. Кудай сактасын, айрымдардан радикалдуу чараларды да күтсө болот. Камчыбек Кыдыршаевичке каршы багытталган аракеттер - кыйыр түрдө Садыр Жапаровдун өзүнө каршы багытталган чабуул десем эч кандай аша чапкан болбойм.

УКМК аскердик тартиптеги атайын кызмат. Ал жер катардагы мамлекеттик же муниципалдык органдардан эмес. Ал эми аскердин түзүмдөрдө командиринин буйругун аткарбоо, анын үстүнөн арыз жазуу деген эң эле чектен чыккан көрүнүш, андай нерселер болбошу керек. Эгерде карамагындагылары командиринин буйругуна, иш стилине макул болушпаса, компроматтарды чогултуп, арыз жазышпастан ыктыярлары менен кызматтарын таштап, отставкага кетүүлѳрү керек. Цивилдүү дүйнөдөгүлөрдүн бардыгындагы тартип талап ошондой. Бизде аскерлештирилген органдарда иштегендерде да бейѳкмѳт уюмдардагыдай, саясый партиялардагыдай көрүнүштөр аралашып кетип жаткандыгы - мамлекеттик, атайын тартип биротоло ыдырап, жок болуп бараткандыгын гана айгинелейт. Мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич аны түшүнөт, ондогон жылдар бою калкан болуп келаткан досуна ал да калкан болот деп ишенем.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист