Соцтармактарга тараган макала:
"Кечээ эле, эски бийлик байларды, ууруларды жактап, коргоп, каалаганын жасап, элди тоотпой иш алып барганда кыңк эте албай, бирок нааразы болуп келгендер эми жаңы бийликке каршы ар кандай интригаларды жасап жатышат.
Кечээки бийлик учурунда канчалаган кылмыштуу иштерге, уурулуктарга, мыйзамсыз баюуларга караманча көз жумуп, “фактың кана?” деп келген. Парламенттик шайлоо учурунда да ыплас ыкмаларды колдонуп, байлар менен ууруларды, криминалитетти бийликте кармап туруу аракетин жасады. Бирок ага каршы турган эл өткөн жылы октябрда көтөрүлүп, бийликти алмаштырды.
Жаңы бийлик эми элдин талабы менен ууруларды, мыйзамсыз байыгандарды, кылмышкерлерди четинен камап, кустуруп, жазалап жатат. Ал эми мыйзамга туура келбеген иш жасагандар көп, чети оюла элек. Алды камалып, кусуп жатса, өзүнө да кезек келерин түшүнгөн байлар, эски бийликтегилер, кылмышкерлер азыртан бийликтерге каршылык жасап, коомду бузуп, бүлүк салып, ызы-чуу менен кутулуп кеткиси келүүдө. Буга Раим миллиондун коргоп чыккан Ош шаарындагы депутаттар, алданган эл мисал боло алат. Алар ууруларды коргоп, өздөрүн гана сактап калуу аракетин жасаса мейли эле, бийликке азуусун көрсөткөнү ашыкча болду.
Коррупцияга, кылмыштуу топторго активдүү күрөшүп жаткан УКМКны, анын жетекчисин да бузукулук иштер алаксытуу, аны элге жаман көрсөтүү, тоскоолдук жасоо үчүн кечээ эле Камчыбек Ташиевдин үстүнөн Садыр Жапаровго фейк кайрылуу жасашты. Азыр ынтымактуу иштеп жаткан жетекчилерди, бийликти бөлүп-жаруу, колдон келсе нейтралдаштыруу максатын жасап жаткандар кимдер экени белгилүү. Бирок, алардын колунан эми эч нерсе келбейт. Болгону бузукулук, ыплас интригаларды жасашат. Андан башка нерсе колдон келбейт, себеби эл аларга ишенбейт жана ээрчибейт.
Буюрса, эл күткөн Баш мыйзам кабыл алынат жана коомдо, мамлекетте өзгөрүү болот, тартип болот. Ошондо жалпы эл кимдин ким экенин, бийлик кайндай болорун, ал элге кандай иштээрин көрөт. Алдамчы жана элге күйбөгөн эски бийликтин чыныгы бети ого бетер ачылат".