"Бишкек шаардык кеңешине депутат болуу жана шаардыктар үчүн бекер иштеп берүү үчүн айрым партиялар талапкерлеринен 15 миң доллардан 50 миң долларга чейин чогултуп жатышат. Бул партиялар өздөрүнө идеологияны заматта жасай салышат, жарнама даярдашат, бирок мунун баары жеңишти легалдаштыруу үчүн гана. Жеңишке добуш сатып алуу жана азыраак административдик ресурс аркылуу жетишет. Мен каражатты жана муниципалитетти (домкомдор, МП жана башка) колдонуу менен жарышка аттанууга даяр турган 4 партияны билем.
Көптөгөн жарандар жергиликтүү кеңештерге шайлоого көңүл бура беришпегени өкүнүчтүү. Таштанды маселеси, тазалыкты камсыз кылуу, жарыктандыруу, үй ээлеринин ассоциациясы жана акимиат менен териштирүүлөр, жолдордун, мектептердин курулушун, шаар архитектурасын, сырткы жарналамаларды көзөмөлдөө, ирригация, жергиликтүү салыктар боюнча шаардык кеңештин депутаттарына кайрылуу керек. Көпчүлүк ал депутаттар кайсы жерде отурушат жана Бишкек шаардык кеңешинин курамында кимдер бардыгын билишпейт. Бирок кайсы бир мөөнөттө, үзгүлтүксүз бул кеңешке депутаттар шайланып жатышпайбы.
Сиздер кандай ойлойсуздар, 20 миң долларды шайлоого короткон адам депутат болгондон соң бардык маселелерди бекер чечүүгө аракет кылабы? Мен шектенип турам. Эгер ушундай суммадагы акча коротулса, же атак-даңк үчүн же жеке кызыкчылыгындагы бизнесин алдыга жылдыруу максатында жасалат.
Бирок андан чыгуунун жолу бар. Шаардыктардын маселесин реалдуу чечүү үчүн бараткан партиялар бар. Алар көп акча коротушпайт. Алар үчүн репутация маанилүү", - деп жазды депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына.