Кечээ Жогорку Кеңеште Конституция боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору каралган. Жыйынтыгында, 9 депутат каршы, 87 депутат макул болуп, мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Экс-депутат Чолпон Жакупова мындай чечим кабыл алынган 3-мартты "улуттук уят" күнү катары кабыл алуу керек дейт.
"Конституциянын мазмуну, авторлору менен тааныштыгы жок адамдар мыйзам кабыл алышты. Депутаттардын колун кантип кайрып, эреже бузууларга барууга мажбур кылганын элге мактанып көрсөтүүнүн кереги жок. Көрдүңүздөр да эмне болгонун, зал бош, табылган демилгечилер суроолорго жарытылуу жооп бере алышпайт. Ушундай да оройлук кылууга болобу! Булардын баары өлкөнүн абройуна шек келтирип жатпайбы. Мен депутаттарды абдан түшүнүп турам, кандай басымдын алдында добуш беришкени белгилүү. Көп депутаттар жыйынга катышпады, анткени алардын мындай добуш берүүгө уяттары чыдабады. Бирок позициясын тастыктоонун башка да жолу бар - мандатыңды тапшыр да жүзүңдү сактап кал", - деди Жакупова.
Ал парламентти өзүн өзү таркатууга чакырды.