Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов спикер Талант Мамытовдун атына жазылган парламент жыйынына Конституция боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун киргизүү боюнча коштомо катка 1-мартта кол койбогонун ачыктады.
Айтымында, ал ноябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон.
"1-мартта же ага чейин эч кандай документтерге кол койгон жокмун. Ноябрдагы документтерге кол койгонум чын", - дейт ал.
Ошондой эле, депутат Нурбек Алимбеков да 1-мартта документке кол койбогонун айтууда. Ал белгилегендей, 1-мартта кол коюлду деген документ ноябрда жыйналып алынган барак болуп чыкты.
Эске салсак, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдум белгилөөнүн демилгечилери тийиштүү документке 80 депутат кол койгонун айтышкан. Парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков ал 80 депутаттын ичинде түрмөдө жаткан жана каза тапкан депутаттардын ысымы бардыгын белгилеген.