Элин экспорттоп жан баккандарга кошулдук

Дүйнөдө мамлекеттигин түзгөндүгүнө  ондогон кылымдар өткөн менен калкынын саны сезилерлик көбөйбөгөн, баарынан таң каларлыгы турмуштары аздыр-көптүр жакшырган сайын, тескерисинче, эли азайып реликтик этносторго айланып бараткан өлкөлөр да бар. Алсак, тарыхты карасаң Грузия, Армения сыяктуу республикалардын мамлекеттикке ээ болгондоруна 25-26 кылым өттү деп жүрөт, алардын байыртан эле өнүккөн шаарлары, жазма-басмалары болгон. Алар советтик мезгилде элдеринин саны боюнча гана эмес, экономикасы, өнөр жайы, технологиялары жагынан да Кыргызстандан кыйла алдыда турушчу: Армениянын калкы  ошол убакта 3,4 миллиондой (таза армяндар), Грузияныкы 5,3 миллиондой эле. Көз карандысыздыктан бери элдери азайып, Арменияда 2,9  миллиондой жаран, ал эми Грузияда  3,7 миллиондой эле адам калды. Грузиядан бөлүнүп чыгып кеткен Абхазия менен Түштүк Осетиянын калкы биригип, 300 миңден бир аз гана ашат. Ал эми калгандары кайда кетти? Же калктын табийгый өсүшү биротоло токтоп, эли азаюу жолуна гана түшүп калганбы?

Аларда табийгый өсүш аздыр-көптүр бар, бирок алардын калкынын туруктуу азайып бараткандыгынын негизги  себеби - эли тынбай чет өлкөлөргө мигрант болуп агылып кетип жаткандыгында. Ачыгын айтсак, Грузия, Армения акыркы үч-төрт жүз жылдан бери мигранттарды гана даярдаган өлкөлөргө айланышты. Дүйнөдө армяндар менен грузиндер жүрбөгөн бир да мамлекет жок. Алардын дурусураак кесипке ээ болгондорунун дээрлик бардыгы Россияга кетип калышат, чет тилдерди билгендери башка мамлекеттерге чыгып кетишет. Өзүңүздөр деле ЖМКлардан байкасаңыздар керек, азыр грузиндердин мыкты ырчы, бийчилеринин, врачтарынын, ишкерлеринин ж.б.дээрлик бардыгы Россияда жүрүшөт.

Ааламдаштыруу башталгандан кийин калкынын алдуу-күчтүүлөрүн мигранттыкка эскпорттоп жан баккан  өлкөлөрдүн сандары кесин көбөйдү. Аларга мурдагы Союзга кирген республикалардан Прибалтикадагылар, Украина, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан кошулду. Союз таркаган мезгилде Украинанын калкы 52 миллион адамга жакын болсо, азыр 40 миллионго жакын эле адам калды. Азырынча Борбордук Азия республикаларында калктын табийгый өсүүсү  жогору болгондуктан массалык миграциянын кесепеттери анчалык сезиле элек, бирок бул көрүнүш жакын арада кескин кыскартылбаса, кийинчерээк аталган өлкөлөргө аябагандай чоң кесепеттерин тийгизгени турат.

Миграциянын утурумдук плюстары

Сырткы миграциянын конкреттүү өлкөнүн  убактылуу экономикалык, социалдык маселелерин чечүүдө аябагандай позитивдүү роль ойной тургандыгы  ырас. Анткени, ашыкча жумушчу күчтөр сыртка агылып, өлкөдөгү саясый, психологиялык абал жеңилдейт. Сырттан алар иштеп тапкан акчалар келип, ал элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн артуусуна, айрым социалдык, турмуш-тирчиликтик тармактардын (мас. курулуш, соода, тейлөө ж.б.) жандануусуна, улуттук валютанын курсунун сакталуусуна ж.б. оң таасирин тийгизет. Алсак, өткөн 2020-жылы пандемияга карабастан Кыргызстанга мигранттардан 2,3 миллиард доллар которулгандыгы маалымдалды. Ал өлкөнүн ички дүң жыйымынын 25 пайызына барабар. Бул Кыргызстандын экономикасы, социалдык тармагы үчүн аябагандай чоң салым, бул мезгилде сырттан тартылган инвестициялардын көлөмү анын алтыдан  бирине да жетпеди. Тескерисинче, 600 миллион доллардай каражат чыгарылып кетти. Эгерде мигранттар которгон каражат болбосо, сомдун курсу эбак эле девальвацияга учурап, кедейчилик азыркыдан үч-төрт эсе артмак.

Азыр Россияда  1 миллиондой кыргызстандык мигрант бар. Алардын жарымына жакыны Россиянын жарандыгын алышып, корголгон  иш орундарына, үй-жайларга, аздыр-көптүр бизнеске ээ болушуп, турук алып алышкан. Алар өздөрүнүн, балдарынын келечектерин Россия менен гана байланыштырышат. Демек, алардын көбү мындан кийинки тапкандарын турак жайларына, бизнестерин өнүктүргөнгө, балдарын окутканга  жумшашат, ата-энелери карып-арып, жарыкчылыктан өтүп кеткенден кийин Кыргызстанга каражат жибергендери өзүнөн өзү эле акырындап токтой баштайт. Алардын ордуларын жаңы барган мигранттар эселеп, бир нече убактарга чейин сырттан келип жаткан каражаттардын өсүү динамикасы сакталып турат. Мигранттардын Россияда ж.б. өлкөлөрдө турук алган биринчи муундагыларынын бир бөлүгү  ата мекенине сөөктөрүн калтыруу үчүн да болсо келүүлөрү мүмкүн, бирок алардын балдары, неберелери Кыргызстанга келишпейт, алар  акырындап ата-бабаларынын тилдеринен, маданиятынан биротоло алыстап, башка элдерге сиңишип кетет. Алсак, азыркы орустардын 45-50 миллионго жакынынын  тектери түрк элдеринен чыккандар. Кыргыздар келечекте алардын сандарын арттырганга чоң салымдарын кошушат.

Миграциянын келечектеги оор кесепеттери

Ли Куан Юнун аныктамасы боюнча, ар кандай этностун калкынын  5-6 пайызы эч нерсеге жөндөмсүз болушат. Колуна тийген ишти жакшырта алышпайт, начарлатышат, бирок мамлекет; аларды да өз деңгээлдерине жараша жумуш же  жөлөк пул менен камсыз кылып алаксытуусу,  багуусу керек.

Негизинен элдердин кайраттуу, энергиялуу, пассионардык учкундары бар, тобокелге, ар кандай потенциалдуу кыйынчылыктарга, коркунучтарга даяр тургандары гана мигрант болуп кетишет. Алдына бийик максаттарды коймок түгүл жашоо тиричилиги канчалык оор болсо деле, аны кенедей  жакшыртканга деле умтулбаган, күн өткөнүнө гана кубанып, биологиялык вазийпаларын аткарганга гана жараган  пассивдүү, энергиясыз, демилгесиз жарандар  сыртка чет өлкөлөргө чыкмак түгүл, кошуна айылга барып иштөөнү деле каалашпайт. Бул айрымдарга парадокстой угулушу мүмкүн, бирок өзүбүз күбө болгон айныксыз факт, айрым айыл жерлеринде жашагандардын арасында Бишкекке келип-кеткенден чоочулап,  корккондору деле бар. Кандай кыйынчылык болсо деле алар “буйруганын көрдүк” деп үйлөрүнөн чыкпай  отура беришет.

Демек, сырткы миграция кескин азайбаса (азыркы шартта  токтотууга мүмкүн эмес) этностун биологиялык, психологиялык, илимий-билимий ж.б. жактан сапаттуулары сыртка агылган сайын  ата мекенибизде Ли Куан Ю айткандай, эч нерсеге жөндөмсүз сапатсыз адамдар өзүнөн өзү  көбөйө берет. Рационалдуу баланс бузулуп, ал терс жагына ооганга өтөт. Же перманенттик миграция Дарвиндин табийгый  ылгап, тандоо жөнүндөгү теориясындай, этностун  сапаттуу мүчөлөрүн сырткы эл жуткуч элдерге таркатып, аларды сапаттык жактан жакшыртса, тескерисинче, ата мекенинде калгандардын сапаттык абалын ошончолук начарлата берет.Адатта алардын көпчүлүгү көп балалуу болушат, анткени  балдарын эмне менен багышаары,  келечектери жөнүндө деле ойлонушпайт, кийинки тагдырларына деле кызыгышпайт. Андай инсандар жалпы этностун 10-15 пайыздык көлөмүнө жеткиче, кесепеттери сезилбеши, байкалбашы деле мүмкүн, бирок акырындап 40-50 пайызга жеткенде этностун аты турган менен заты биротоло жок болуп, эч кандай эрки, каалоосу, бийик максаттары, амбициясы жок биологиялык массага айланат.

Армяндар көп убакыттар бою согушкерлиги, ишкердиги, илим-билимге жакындыгы менен айырмаланышып, азербайжандарга кыр көрсөтүп келишсе, өткөн жылдын октябрындагы согушта аларга бардык жагынан уттурушту. Анткени, азыркы армяндар мурдагылардан сапаттык жактан кескин айырмаланышат, же бир нече позиция төмөн турушат, чыныгы сапаттуулары эбак эле АКШга, Европага, Россияга кетип калышкан. Ал эми бул убакыттын ичинде азербайжандар табийгый өсүүнүн эсебинен эки эсеге жакын көбөйүп, биологиялык сапатын, экономикасын, технологиясын кескин жакшыртышып, оңой эле реванш алышты.

 Эгерде бизде сырткы миграция азайбаса, дагы 5-6 жылдан кийин Манастын духун, рухун алып жүргөн пассионардуулар дээрлик калбай, Кыргызстан күн өткөнүнө гана кубанган бей-бечаралардын өлкөсү болуп калганы турат. Ал мезгилде кыргыздар Кыргызстанда көпчүлүктү түзө алабы же башка этностордон аз болуп калабы, бул да өзүнчө ойлондура турган маселе. Анткени, дунгандар, уйгурлар, өзбектер эмес, Кыргызстандан негизинен кыргыздар гана кетип жатышат. Славяндардын алдуу-күчтүүлөрү кетип бүтүшкөн.

Кыргызстанды мигранттардын инкубаторуна айландыруу саясатын тандап алышты

Тоталдык миграцияны ооздуктоо үчүн грузиндер, армяндар орус тилиндеги мектептерди биротоло жоюп салышкан. Аларда азыр айрым мектептерде орус класстары бар, бирок толук  орус мектептери жок. Ал эми биздин бийликтегилерибиз 2000-жылдардан бери сырткы миграцияга кеңири жол ачууга, Кыргызстанды биротоло мигранттарды даярдоочу өлкөгө айландырууга багытталган саясатты гана жүргүзүшүүдө. Анын устаканалары (“кузница кадров”), ордолору, инкубатордук борборлору  Кыргыз-Америка, Кыргыз-Славян университеттери, дагы бир катар биргелешкен окуу жайлар, анан күндөн күнгө көбөйүп жаткан  орус тилиндеги мектептер болууда. Бир мисал. Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус университетинин медицина факультетин жыл сайын 100 улан-кыз бүтүрсө, акыркы алты-жети жылдан бери алардын бири да Кыргызстанда калбай Россияга, Казакстанга кетип калышат. Калган факультеттериндеги көрүнүштөр деле негизинен ушундай. Ал эми бизде медиктер жетишпей пенсиядагы врачтар, медайымдар 2-3 жерде иштешүүдө.  Мындан чыкты бизге андай  факультеттин, окуу жайдын эмне кереги бар?-деген суроо пайда болот.Өздөрүндөгү кадрлар маселесин чечүүгө Россиянын, Казакстандын өкмөттөрүнүн баштары оорусун, алар ага өз каражаттарын жумшашсын, өзүбүзгө каражаттарыбыз жетишпей жатканда эмне үчүн башка өлкөлөр үчүн кадрларды даярдашыбыз керек? Аталган окуу жайлардагылар негизинен контрактык акчалардын эсептеринен окутулушат, бирок алар деле Кыргызстандын жарандарынын каражаттары да.

Мигранттардын инкубаторлук борборлорунун катарына жакында М.Ломоносов атындагы МГУнун Ошто ачылган филиалы да кошулганы турат. Эң жаманы, президент С.Жапаров жакында Москвага жасаган иш сапарында Россиянын өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстандын ар бир районунда, ири шаарында бирден орус тилдүү мектеп ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюп келди. Же ал Кыргызстанды толугу менен мигранттарды даярдоочу өлкөгө айландыруучу  саясатты күчөттү. Эгерде ал саясат ишке ашса, Кыргызстанда бир да таланттуу, жөндөмдүү  балдар, кыздар калбай бардыгы Россияга кетип калышат. Анда Кыргызстанда кимдер иштешет, кимдер өнүктүрүшөт?

Биздин байкообузда, биз, кыргыздар мамлекет курганга деле жөндөмсүз, бул багытта таптакыр  каалообуз, эркибиз, талантыбыз да жок, талаганга, тоногонго, анан утурумдук модалар менен алектенип, ар кимдерди туурап,  мактанганга  маш болгон гана  эл экенбиз. 2021-жылдагы бюджетибиздин көлөмү 1985-жылдагыдан ашпаса, ички дүң жыйымдын ар адамга эсептегендеги көлөмү 1990-жылдагынын жарымына да жетпесе, өзүбүз жөнүндө кандай жакшы пикирди же сөздү айтууга болот? Отуз алты жылды бекерге өткөргөн, ушунча мезгилде оңоло албаган  элди деги позитивдүү бир нерсеге салыштырганга болобу? Деги андай элдин оңолоруна ишенүүгө  оңолобу? Экинчи дүйнөлүк согушта таш-талканы чыккандарын  немистер 5 жылда калыбына келтиришкен, кошуналарыбыз көз карандысыздыктан бери ИДЖ, бюджеттерин 7-8 эселеп көбөйтүштү. Биз гана мындан отуз жыл мурдагынын жарымына жетпей отурабыз.

Эми алар да аздык кылгансып жетекчилерибиз Кыргызстандын элин таркатып, жок кылуу саясатын күчөткөнгө өтүштү. Эмне дейбиз, ар ким акылына илешкенди, деңгээлине ылайык келгенди  жасайт, биз  чындыгында көз карандысыздыктан бери акылдуу, элдин, мамлекеттин келечегин ойлогон жетекчиге жарыбадык. Ал жагынан бизди ХХ кылымда кудай  чындап жалгаса, ХХI кылымда биротоло каргап салыптыр. Жалаң эле авантюристтер, шумпайлар, сөйрүктөр,  саясый ой жүгүртүү деңгээлдери үндүктүкүндөй  мал доктурлар, аягынан айныгандар келишүүдө. Ал үчүн кимди айыптайбыз? Эшеги кандай болсо, тушоосу  да  ошондой болот дегенди айтып, өзүбүздү өзүбүз соороткондон башка аргабыз жок.

Бакай Чилтегин, Булак: “Майдан. kg” гезити